Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

“Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду Бишкек шаарындагы жана Кыргызстандын аймактарындагы ЖОЖдордун 1-4-курстарынын студенттеринен XIII Медиа Укук Мектебине катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууну ачык деп жарыялайт.

Медиа Укук Мектеби – жаңы билим алууну каалаган креативдүү жана максатка умтулган студенттердин башын бириктирген билим берүүчү аянтча.

10 күндүн ичинде Медиа Укук Мектебинин угуучулары сөз эркиндигине жана пикирин эркин билдирүүгө болгон укукту коргоо, маалыматты, кастык тилин жайылтуу үчүн жоопкерчилик жаатында негизги билимди алышат.

Мектептин алкагында катышуучуларда медиа сабаттуулук чөйрөсүндө азыркы маалыматтык дүйнөдө ийгиликтүү навигациялоого өбөлгө түзгөн маанилүү көндүмдөрдү жана компетенцияларды алууга мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле буллинг факторлорун жана анын алдын алуу, социалдык тармактарды ойдогудай коммуникация үчүн колдонуу практикаларын психологдун катышуусу менен талкуулоо пландалып жатат. Мектепте окутуу кыргыз тилинде болот.

Лекторлор катары өздөрүнүн кесиптик иш чөйрөсүндө теориялык компетенцияларга ээ болгон жана уникалдуу практикалык тажрыйбасы бар абройлуу жана тажрыйбалуу эксперттер чакырылды.

Медиа Укук Мектеби 2023-жылдын 27-ноябрынан 8-декабрга чейин (иш күндөрү) саат 14.00дөн 18.00гө чейин офлайн режиминде өтөт. Ошондой эле Медиа Укук Мектебинин алкагында кечки лекциялар уюштурулат, алар саат 18.00дөн 19.00гө чейин эң актуалдуу темалар боюнча ар түрдүү баяндамачылардын катышуусу менен өткөрүлөт. Мектепке катышуу акысыз.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан тандоодон өткөн катышуучуларга Ош-Бишкек-Ош каттамы боюнча учактын билети төлөнөт. Медиа Укук Мектебинин шарттарына ылайык Ош шаарынын аэропортуна чейин/аэропорттон Ош шаарына чейинки жол чыгымдарын уюштуруучулар төлөп бере албайт.

Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынан келген катышуучуларга Бишкек шаарына чейин транспорт уюштурулат.

Ошондой эле аймактардан тандалып алынган катышуучуларга Бишкек шаарында мейманкана үчүн акы төлөнүп, 3 маал тамак берилет.

Анкетаны толтуруп, дилбаян жазгандан кийин тандоо критерийлерине жооп берген студенттер Медиа Укук Мектебинин катышуучулары боло алышат. Курстун аягында окуу процессине жигердүү катышкан студенттерге курсту аяктагандыгы жөнүндө Сертификаттар тапшырылат. Себепсиз бир нече сабакты калтырган студенттер андан ары окууга катыша алышпайт.

Медиа Укук Мектебине катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны толтуруп чыгуу зарыл:

https://forms.gle/JybCw2Tu4iAjsgtG7 

Анкетадагы бардык суроолорго толук жана так жоопторду берүүңүздү өтүнөбүз.

Тандоонун критерийлери:

Мотивация: Медиа укук тармагында жаңы билим алууга чыныгы кызыгуу жана каалоо.

Тартип: Студенттин сабакка өз убагында катышуу жана окуу процессине тартылуу милдети.

Анкеталар 2023-жылдын 12-ноябры, саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча 20 катышуучу тандалып алынат, алардын ичинен 10 орун аймактардагы ЖОЖдордун катышуучуларына берилет. Курска тандалып алынган студенттерге чакыруу каты жиберилет, бул катта толук маалымат болот. Кошумча суроолор пайда болсо, “Медиа Полиси Институтуна” электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот: [email protected] же 0 312 961 960 номерине чалыңыз.

Бул долбоорду “Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду Нидерланд Королдугунун Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилиги менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.

Маалымат үчүн:

2012-жылдан бери “Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду 12 Медиа Укук Мектебин уюштуруп, өткөрдү, алардын үчөө санариптик гигиена жана санариптик укуктарды коргоо маселелерине арналса, эки мектеп Бишкек жана Ош шаарларынын жогорку окуу жайларынын мугалимдери үчүн өткөрүлгөн. Жалпысынан Медиа Укук Мектебин 270 адам бүтүрүп чыкты.

Ошондой эле Медиа Укук Мектебинин алкагында актуалдуу жана социалдык жактан маанилүү темалар боюнча 60 ачык кечки лекция өткөрүлдү.