Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

13 мая в 17:00 по Бишкеку и Астаны пройдет бесплатный вебинар “Особенности журналистского расследования для ТВ и онлайн”.

13-майда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00, ал эми Душанбе убактысы боюнча саат 16:00дө “ТВ жана онлайн үчүн журналисттик иликтөө жасоонун өзгөчөлүктөрү” деген темада вебинар өтөт.

Иликтөө – журналистикадагы эң татаал жанрлардын бири. Журналисттик иликтөө фактыларды, далилдерди талап кылат. Ишенимдүү, суроо жаратпаган маалыматтарга жетүү оңойго турбайт. Биринчиден, көп убакыт, экинчиден, талыкпаган мээнет талап кылынат.

Өзгөчө ТВ жана онлайн үчүн жасалган иликтөөлөрдө табылган маалыматтардын бардыгын видео аркылуу көрөрманга түшүнүктүү кылып жеткирүү зарыл. Журналисттик иликтөөнүн өзгөчөлүктөрү эмнеде? Коомдук пикир жаратып, саясий абалга таасир этүүчү курч иликтөөлөр кантип жасалат? Мына ушул жана башка суроолорго биздин вебинардан жооп табасыз

Вебинарды “Азаттыктын” теле-радио журналисти Уланбек Эгизбаев өткөрөт. Автордун “Ыңгайсыз суроолор” программасы КТРК аркылуу көрсөтүлуп келет. Аталган программада өлкөдөгү коррупциялык схемалар, аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча бир катар резонанс жараткан темалар козголгон.

Маселен, Темир Сариевдин кызматтан кетишине негизги себеп болгон “Балыкчы – Корумду” жол курулушундагы мыйзам бузуулар да алгач “Ыңгайсыз суроолор” аркылуу коомчулукка жеткен.

Акысыз вебинарга каттоону бул жерден өтүңүз.

Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.

2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.

3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.

4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.

5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.

___

13 мая в 17:00 по Бишкеку и Астане пройдет бесплатный вебинар “Особенности журналистского расследования для ТВ и онлайн”.

Расследование – один из самых сложных жанров в журналистике. Журналисткое расследование требует факты и доказательства. Трудно найти достоверные факты, в которых ты бы не совмневался. Во-первых это требует много времени, а во-вторых труда. Особенно важно для ТВ и онлайн расследований это показать расследование так, чтобы оно было понятным для аудитории. В чем особенности журналистского расследования? Как делать расследования, которые вызывают общественное обсуждение и влияют на политическую ситуацию в стране? На эти и другие вопросы вы получите ответы на нашем вебинаре.

Вебинар проведет теле-радио журналист “Азаттык” Уланбек Эгизбаев. Он является автором программы “Неудобные вопросы”, которую показывают на КТРК. В данной программе были затронуты вопросы, которые вызвали общественный резонанс — тема коррупционных схем в стране, незаконных действий чиновников.

Например главная причина ухода с должности премьер-министра Темира Сариева — нарушение закона строительства дороги “Балыкчы – Корумду” впервые была озвучено в программе Уланбека Эгизбаева “Неудобные вопросы”.

Для участия в бесплатном вебинаре пройдите, пожалуйста, по ссылке.

http://newreporter.org/2016/05/04/vebinar-osobennosti-zhurnalistskogo-rassledovaniya-dlya-tv-i-onlajn-na-kyrgyzskom-yazyke/