Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Маселенин таржымалы:

2022-жылдын 28-сентябрында КР Президентинин Администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – “ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору”) коомдук талкууга алып чыккан. “Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду баштапкы Мыйзам долбоорун талдап чыгып, ал сөз эркиндигине, маалымат эркиндигине жана ЖМК эркиндигине болгон укуктарды олуттуу чектей тургандыгын белгилеген. Мыйзам долбоору жарандык коомдун арасында кызуу талкууга алынып, мунун натыйжасында КР Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы тескемеси менен мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

 

2023-жылдын 9-январында Президенттин Администрациясы жумушчу топтун мүчөлөрүн коомдук талкуунун алкагында түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен толукталып иштелип чыккан мыйзам долбоору менен тааныштырды. Бул мыйзам долбоору белгилүү блогерлерди ЖМК катары каттоодон өтүүгө милдеттендирет, ошондой эле аларга ЖМКнын милдеттерин жүктөйт, бул болсо пикир билдирүү жана сөз эркиндигине таасирин тийгизип, коомдук кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча сын маанайдагы талкууларды ооздуктай турганы талашсыз.

 

БУЛ МААНИЛҮҮ: Төмөн жактагы текстте сөз болгон беренелер КР Президентинин Администрациясы толуктап иштеп чыккан долбоордон үзүндүлөр болуп саналат.

 

Мыйзам долбоорунда блогерлерди тескөө бөлүгүндө кандай түзөтүүлөр сунушталууда?

 

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун текстиндеги жалпысынан 68 берененин ичинен блогерлерге түздөн-түз 7 берене тиешелүү (мыйзам долбоорунун 10-беренесинен 16-беренесине чейин), бирок калган 61 берене да Интернетте пикир билдирүү жана сөз эркиндигине олуттуу түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн. “Медиа Полиси Институту” мамлекет блогерлерге көзөмөлдү кантип күчөтүүнү пландап жатканына кененирээк токтолот.

 

  1. Демилгечи блогдорду ЖМКнын бир түрү катары таанууну сунуш кылып жатат (мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 3-пунктун караңыз). Мында айына 5000 уникалдуу колдонуучу кирген, “жаңылыктар, маалыматтык-аналитикалык, көңүл ачуучу жана башка мүнөздөгү маалыматтар жайгаштырылган” ар кандай баракча блог деп эсептелет. Мындан тышкары, мамлекет блогдордун реестрин жүргүзүүнү каалап жатат (мыйзам долбоорунун 15-беренесин караңыз).

 

Демилгечилер ЖМКны мамлекеттик каттоодон бошотуу үчүн эки гана негизди калтырышкан: 100дөн аз нускадагы гезиттер, журналдар жана “орун алган жайы чектелүү болгон жана кабелдик тармактар аркылуу таратылган” радио жана телепрограммалар (окуу жайлардын, ишканалардын, мамлекеттик органдардын ж.б. радиосу) каттоодон өтпөсө болот. Мыйзам долбоорунда бардык ЖМКлар үчүн милдеттүү каттоодон өтүү каралгандыгын эске алсак, кеминде 5000 катталуучусу бар социалдык тармактардын колдонуучулары милдеттүү түрдө КР Юстиция министрлигинде ЖМК катары мамлекеттик каттоодон өтүшү керек, антпесе аларда өз блогун жүргүзүүгө укугу болбойт.

 

2. Демилгечи блогерлерге укуктарды берүүнү чечти, мисалы, блогерлерге “жалпыга жеткиликтүү маалыматты эркин издөө, алуу, берүү жана жайылтуу укугу”, “өзүнүн баракчасында жеке ой-пикирин жана баалоолорун жарыялоо укугу” же “өз баракчасында акы төлөнүүчү негизде жарнак чыгаруу укугу” берилүүдө (толугураак мыйзам долбоорунун 11-беренесинен окуй аласыз).

 

Пикир билдирүү жана сөз эркиндигине укук ар бир адамдын негизги укугу болуп саналат, ал КР Конституциясы менен гана эмес, биздин өлкө катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен да кепилденет. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес (КР Конституциясынын 24-, 32-, 33-беренелери). Жарандар салттуу ЖМК аркылуу да, ошондой эле Интернетти, искусство чыгармаларын, коомдук чогулуштарды камтыган башка ар кандай аянтчаларды пайдалануу менен ар кандай каражаттар аркылуу да өз пикирлерин билдирүүгө укуктуу. Демек, бул укуктар ар бир адамга берилген.

 

3. Демилгечи блогерлерди өз баракчасында аты-жөнү, туулган күнү, байланыш номери жана электрондук дареги өңдүү жеке маалыматтарын жарыялоого милдеттендиргиси келүүдө (мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүн караңыз).

 

Бул талап Интернет тармагында анонимдүүлүккө болгон жалпы тарабынан таанылган укукту бузуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук онлайн цензуранын, катардагы колдонуучуларды андан ары куугунтуктоо үчүн тыңшоонун жана алардын маалыматтарын чогултуунун шартында анонимдүүлүккө болгон укук адамдын жана жарандын сөз эркиндигине жана пикир билдирүү эркиндигине болгон негизги укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл шарт экенин моюнга алат. Тармактын колдонуучуларын милдеттүү түрдө идентификациялоого мажбурлоо – адамдардын жеке жашоосунун кол тийбестигине жана коом үчүн маанилүү маселелер боюнча пикирин билдирүү эркиндигине болгон укуктарын чектөө.

 

4. Демилгечи блогерлерге бир катар милдеттерди жүктөп жатат, анын ичинде маалыматтын айрым түрлөрүн жайылтууга тыюу салуу, жарыяланып жаткан маалыматтын аныктыгын текшерүү, ал эми ал анык эмес болгон учурда аны оперативдүү түрдө өчүрүү, массалык маалыматты жайылтуу тартибин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын сактоо ж.б. милдеттер бар (мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 2-бөлүгүн караңыз).

 

Интернеттин, социалдык тармактардын жана мессенджерлердин жардамы менен бүгүнкү күндө ар бир адам маалымат даярдап, аны жайылта алат. Журналистика чөйрөсүндө кесиптик даярдыгы жок болсо дагы, каалаган адам заманбап аспаптарды жана Интернет технологияларын коомдун көңүлүн кайсы бир көйгөйлөргө буруу үчүн колдоно алат. Бул короосундагы мыйзамсыз курулуш жөнүндө үйдүн жашоочусу жазган пост же жол кырсыгына күбө болгон адамдын видеосу болушу мүмкүн. Ошентип, блогерлер өз пикирин билдирүүгө жана чыгармачылык эркиндигине болгон конституциялык укугун гана колдонушат. Блогерлердин сюжеттери салттуу ЖМКлардагы журналисттердин көңүлүн бурган учурлар сейрек эмес, журналисттер маалыматтардын аныктыгын текшерип, ошолордун негизинде кесипкөй журналисттик материалдарды жасашат. Мыйзам долбоорунда мамлекет блогерлерди ЖМКга теңештирүүнү жана аларга бүтүндөй редакциянын милдеттерин берүүнү сунуштап жатат, бул болсо демократиялык коом үчүн зарыл маселе эмес. Мындай чектөөлөр табияты боюнча текшерүүгө жатпаган билдирүүнүн формаларына, мисалы, саламаттык сактоонун, билим берүүнүн сапаты, турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, жумушсуздук жана башка актуалдуу маселелер жөнүндө пикирин билдирүүгө ооздуктоочу таасир көрсөтөт.

 

Жарандын “анын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды сот аркылуу төгүндөөнү, ал эми юридикалык жак анын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылуу” укугу жарандык мыйзамдарда каралгандыгын белгилей кетүү маанилүү. Сот гана маалымат бурмаланганын же анык болгонун териштирет, себеби маалымат адамдын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузса да, ошол эле учурда анык болсо, анда сот ошол маалыматты жокко чыгаруу жөнүндө талаптарды канааттандырбайт.

 

Ошондой эле жазык мыйзамдарында таркатылышы жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн болгон маалыматтардын толук тизмеси каралган. Алар: террордук ишти жүзөгө ашырууга элди чакыруу; бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбоого жана жапырт башаламандыкка чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар; бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктар, согушка үгүттөө; расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу; экстремисттик материалдарды таратуу.

 

5. Мыйзам долбоору менен блогерлерге “коом үчүн маанилүү маалыматтарды жашыруу же бурмалоо, анык билдирүүлөр түрүндө атайылап туура эмес маалыматтарды (фейк билдирүүлөрдү) таратуу максатында” блогду колдонууга, ошондой эле “жаранды же жарандардын айрым категорияларын …саясий көз карашына байланыштуу жаманатты кылуу максатында маалыматты жайылтууга” тыюу салууну киргизүү сунушталып жатат (мыйзам долбоорунун 13-беренесин караңыз).

 

Белгилей кетсек, КР мыйзамдарында “коом үчүн маанилүү маалыматтар” түшүнүгүнө аныктама жок. Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамында “коомдук кызыкчылык – коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан кандай гана болбосун жактын (жактардын) кызыкчылыгы” деп каралган. Демилгечи “коом үчүн маанилүү маалыматтар” деп бакубаттуулукту, туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу менен байланышкан маалыматты түшүнөт деп божомолдосок, бул маалымат жеке жарандын эмес, мамлекеттик бийликтин карамагында турары талашсыз. Себеби мамлекет жарандардын кызыкчылыктарына кызмат кылуу максатында ушундай маалыматтарды чогултат эмеспи. Коом үчүн маанилүү маалыматты аткаминер “өзү үчүн эмес”, жарандардын атынан жана алардын кызыкчылыктарында чогултулат, ошондуктан мамлекеттик органдар жарандардын мындай маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш (баса, бул да КР Конституциясында жана КР мыйзамдарында каралган).

Жарандарда зарыл маалыматтары болмоюнча, алар өздөрү үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга аң-сезимдүү катыша алышпайт. Мисалы, Барскоондо кырсык болгондо, дал ушул мамлекет коом үчүн маанилүү маалыматка ээ болгон жана бул кырсыктын ден соолукка тийгизиши ыктымал кесепеттерин билген. Адамдар өз ден соолугун коргоо максатында аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алышы үчүн, мисалы, башка жакка убактылуу көчүп кетиши үчүн же көлгө түшпөй туруу үчүн мамлекет бул маалыматты жарандар менен бөлүшүүгө милдеттүү болчу. Эч бир блогер (алар ошол кезде болгон деп божомолдосок) кырсык тууралуу маалыматты жашырып же бул маалыматты бурмалай алмак эмес, себеби коом үчүн маанилүү бул окуяда (коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга байланышкан учурда) маалыматка мамлекет гана ээлик кылган. Блогер болгону бул кырсык тууралуу айтып берип, “анын кесепеттери кандай болушу ыктымал?” деген суроону кабыргасынан коймок. Ал тургай, бул кырсык жөнүндө блогердин айтып чыкканы эмес, тескерисинче, эч кимдин үн катпай отурганы коомго алда канча көбүрөөк зыян келтирмек.

Маалыматка жетүү укугу абсолюттук болуп саналбай турганы талашсыз, бирок КР Конституциясына ылайык маалыматка чектөөлөр мыйзамда так белгиленүүгө тийиш, демократиялык коомдо зарыл болуп, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максаттарына өлчөмдөш болушу керек.

“Жаранды же жарандардын айрым категорияларын …алардын саясий көз карашына байланыштуу жаманатты кылуу максатында маалыматты жайылтуу” деген туюнтмага токтололу (мыйзам долбоорунун 13-беренесин караңыз). “Жаманатты кылган маалыматты” жайылтуу тууралуу айтсак, жарандын “анын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды сот аркылуу төгүндөөнү, ал эми юридикалык жак анын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылуу” укугу жарандык мыйзамдарда каралганын эскертебиз. Сот гана маалымат бурмаланганын же анык болгонун териштирет, себеби маалымат адамдын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузса да, ошол эле учурда анык болсо, анда сот ошол маалыматты жокко чыгаруу жөнүндө талаптарды канааттандырбайт.

Мыйзам долбоорунун ушул беренесинде айрым бир маалыматты “… саясий көз карашына байланыштуу” таратууга тыюу салуу жөнүндө айта турган болсо, бул негизи эле КР Конституциясын бузуу болуп саналат, ага ылайык ар бир адам саясий же башка каалоолоруна карабастан пикирин билдирүү жана сөз эркиндигине укуктуу.

6. Демилгечи “блогер жалпыга жеткиликтүү маалыматты жайылтуу укугун кыянаттык менен пайдаланса, мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартыларын” белгилейт (мыйзам долбоорунун 14-беренесин караңыз).

Бул берене ченем жаратуу техникасынын эрежелерине каршы келет. КР Юстиция министрлигинин ушул сыяктуу шилтеме ченемдерге карата позициясын белгилей кетүү керек, алар жөнүндө ведомство мыйзам долбоорунун корутундусунда белгилеген (баштапкы версиясында): “жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерге жол берилбейт”. Башкача айтканда, “мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат” деген туюнтмалар болбошу керек. Адамдар өз иш-аракеттеринин кесепеттерин алдын-ала көрө алышы үчүн мыйзам аныктык жана тактык стандарттарына жооп берүүгө тийиш. Ошондуктан, “жоопкерчилик мыйзамдарда каралган” деген туюнтма өтө эле бүдөмүк мүнөзгө ээ жана жарандардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндиктерин кеңири чечмелөөгө, ал тургай кыянаттык менен пайдаланууга шарт түзөт.