Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

2015-жылда өлкөгө берилген жүздөгөн жыштыктарды бир-эки жылдын ичинде өндүрө албаса, арткандары коңшу өлкөлөргө берилиши мүмкүн.

Эл аралык келишимге ылайык Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүүгө тийиш. Мындайча айтканда, ушул күндөн тарта жөнөкөй антеннасы бар телевизордон каналдар чыкпай калат. Аларды көрүү үчүн телевизорго ресивер деген чакан шайманды туташтыруу керек, же санариптик берүүгө ыңгайлашкан телевизор болуусу зарыл.

Санариптик берүүдө телеканалдардын саны ар бир региондо ондоп же жүздөп саналат, сүрөтү болсо аба ырайына жана жашаган жерге карабай бирдей тунук жана сапаттуу болот.

“Мындан сырткары, башка артыкчылыктар да бар”, — дейт Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башчысы Кубат Оторбаев.

— Эгер күндүз телеканалда жакшы фильм болсо, сиз эртең менен пульт аркылуу буйрук берип койсоңуз, телевизор аны жаздырып коёт. Анан ар кандай программаларды башынан аягына чейин жаздырып алып, аны каалаган убакытта шашпай көрө аласыз. Азыр бизде интерактивдүүлүк телефон аркылуу жүрүп жатпайбы, санариптик каналда сиз пульт аркылуу фильмге добуш берип, телеберүүдөгү сурамжылоолорго катышып, телеканалдарга өзүңүздүн ой-пикириңизди билдире аласыз.

Ошондой эле Кыргызстан менен чек аралаш айылдарда коңшу мамлекеттердин телеканалдары тартпай калат, анткени телевизорго туташылган ресивер бир гана өлкөнүн жыштыгындагы телеканалдарды көрсөтөт.

Улуттук коопсуздук жана кооптонуулар

Бирок өлкө коңшуларга салыштырганда санариптик берүүгө өтүүгө даярдыгынын начардыгына адистер кабатыр. Мерчемделген иштердин жарымы да бүтө элек. 2015-жылдын июнь айына чейин эки жылдан аз убакыт калды, бирок Бишкекте эле боло турган эки жүздөн ашык жыштык кайсы каналдар, эмне берүүлөр менен толтурулары белгисиз.

“Санариптик берүү форматына зарыл кымбат баалуу шаймандар керек, алардын бирөө да алына элек”, — дейт Мекемелер аралык санариптик комиссиянын мүчөсү Эрнис Мамырканов.

— Эгер биз бир-эки жылдын ичинде бизге берилген жыштыктарды өндүрө албасак, аны кошуналар алып кетиши мүмкүн. Эл аралык келишимде ушундай шарт каралган. Ошондо эгер Казакстанга, Өзбекстанга же Тажикстанга жыштыктар жетпей калса, алар өзүнө алып алышат. Бул жерде бир эле маалыматтык эмес, улуттук коопсуздуктун маселеси турат. Ушуну биз эске алышыбыз керек.

Санариптик берүүгө өткөндө телеканалдар эфирге канча пайыз жергиликтүү берүүлөрдү, канчасын кыргыз жана орус тилдеринде эфирге чыгарышы керектиги азыр талкууланып жатат.

Жүздөгөн жыштыктар кантип толот?

Адистердин баамында, азыркы учурда жүздөгөн жыштыктардан жергиликтүү телеканалдар жыйырма чактысын гана өз продукциясы менен толтура алат. Ал эми калган жыштыктар чет өлкөлүк телеканалдар менен толуп калышы мүмкүн.

Маданият жана маалымат министри Султан Раев жыштыктарды контент менен толтуруу маселесин телеканалдардын өзүнө жүктөбөй, аларга программаларды даярдап турган көз карандысыз продакшн-студияларды ачуу демилгесин карап жатышканын айтты.

— Баарын телеканалдын кызматкерлерине эле жүктөбөй, көз карандысыз чыгармачыл студияларды түзүшүбүз керек. Орусиянын Биринчи каналындагы контенттин 25 гана пайызы өзүнүкү, калгандардын баарын продакшн-студиялар жасап берет. Ошолордун материалдарында бүт Биринчи канал кармалып турат. Бизде да ушундай болуш керек. Саясий, экономикалык жана маалыматтык маселелерди каналдын өзүнө калтырып, калган маданий агартуу, жаштар, спорт жана башка продукцияларды продакшн-студиялар жасаш керек да.

Мындан сырткары эки миң сомдун тегерегинде турган ресиверлерди жарандар өздөрү сатып алыш керекпи же төмөн баада сатылышына мамлекет көмөктөшөбү, колунда жоктогуларга бекер эле берилеби же жокпу деген маселе да ачык бойдон калууда.

Санариптик берүүгө өтүү боюнча азыр эки жумушчу топ иштеп жатат: техникалык маселелерге Транспорт жана байланыш министрлиги жооптуу болсо, контент жагынан Маалымат жана маданият министрлиги иштеп жатат. Раевдин маалыматы боюнча, жаңы форматтагы берүүгө өтүү үчүн биринчи этапка өкмөттөн 600 миллион сом суралганы жатат.

Кыргызстан санариптик берүүгө өтүү боюнча эл аралык Женева келишимине 2006-жылы кол койгон. Анын негизинде өкмөт 2011-жылы токтом кабыл алып, даярдык иштер боюнча план түзгөн. Контент менен техникалык маселелерди чечүүдөн сырткары, азыр санариптик берүүнүн ишин көзөмөлдөгөн алты мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча иштер жүрүп атат.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

http://digital.media.kg/?p=248