2026-жылдын 2-3-апрелинде Ош шаарында “Пикир айтуу эркиндиги, контентти модерациялоо жана санариптик платформаларды жөнгө салууга жамааттык мамиле” деген темада тренинг өттү. Тренингди ЮНЕСКОнун Social Media For Peace долбоорунун алкагында “Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду өткөрдү. Тренингге медианын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Тренингдин максаты: Контентти модерациялоо (кастык тили жана жалган маалымат таратуу) маселелеринде жарандык коомдун жана медианын өкүлдөрүнүн дараметин күчөтүү жана платформаларды жөнгө салууга жамааттык мамилени талкуулоо.
Тренингдин катышуучулары санариптик платформалар кантип түзүлгөнүн жана интернетте кандай укуктарыбыз бар экенин талкуулашты. Ошондой эле пикир айтуу эркиндигине берилген улуттук жана эл аралык кепилдиктер да каралды. ЮНЕСКОнун колдоосу астында иштелип чыккан Санариптик платформаларды жөнгө салуунун жетекчи принциптерине өзгөчө көңүл бурулду.
Платформалар материалдарды өз эрежелерине ылайык кантип тескеп, модерациялай турганы жана ЖМКнын социалдык тармактар менен байланышы кантип ишке ашары тууралуу тема өзүнчө сессияда каралды.







