Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

2026-жылдын 29-30-январь күндөрү Ош шаарында “Медиа сабаттуулук жана жаңжалды сезе билген журналистика” деген темада тренинг өттү. Тренингди UNESCOнун Social Media For Peace долбоорунун алкагында “Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду өткөрдү.  Тренингге медианын, өкмөттүк эмес уюмдардын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Тренингдин максаты: катышуучуларга маалыматты жакшыраак чечмелөөгө, курч темалар менен иштөөгө, социалдык тармактарды конструктивдүү контент үчүн колдонууга, сөз эркиндигинин жана жоопкерчиликтин чегин баамдоого жардам берүү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар сөз эркиндигинин эл аралык стандарттары менен таанышып, эмоциялар маалыматты кабыл алууну кандайча бурмалай аларын талдап, платформалардын алгоритмдери журналисттердин ишине кандай таасирин тийгизерин, ошондой эле жаңжалды сезе билген журналистика деген эмне экенин жана конструктивдүү медиа-баяндарды кантип түзсө болорун үйрөнүштү.