Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

2022-жылдын 20-сентябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорктогу 77-сессиясында сөз сүйлөп, Тажикстандын Кыргызстанга карата аракеттерин “эч кандай себепсиз куралдуу агрессия” деп атады. Өз сөзүндө Кыргызстандын мамлекет башчысы Тажикстан мындай аракеттерди эки өлкөнүн ортосунда түзүлүп, сакталууга тийиш болгон эл аралык келишимдерге жана милдеттенмелерге карабастан жасагандыгына өзгөчө көңүл бурду. 

“Келишимдер сакталууга тийиш” экендиги талашкыс маселе. Чынында эле, Кыргызстан да, Тажикстан да – коопсуздук жөнүндө көптөгөн эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар менен келишимдерди түзүшкөн, мындан улам ар кандай талаштуу маселелерди улуттук мыйзамдарга жана эл аралык укуктарга ылайык чечүүгө тийиш. Бул тууралуу эки мамлекеттин Конституцияларында да айтылган – аларда адам укуктарын коргоо, адилеттүү коомду түзүү, укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу жана экономикалык бакубатчылыкка умтулуу өңдүү демократиялык максаттар жана милдеттенмелер жарыяланган. Бирок, де-факто, эки мамлекет тең ар кандай ылдамдыкта болсо дагы, бул жарыяланган демократиялык максаттарга карама-каршы багытта баратышат. Айрыкча, Тажикстан тараптан биздин чек арага жакын райондорубузга куралдуу кол салуулар көбөйгөнүн эске алуу менен кыргызстандыктар өлкөбүздүн авторитардык башкарууга карай бара жаткан ылдамдыгына жана бул вектор эмнеге алып келээрине көңүл бурушу керек.

Эмомали Рахмондун режими Тажикстанда өзүнүн монолиттүү авторитардык бийлигин 28 жыл бою түптөп келген. Бул режим альтернативалык добуштарды улам-улам куугунтуктап, бийликти сындагандарды жана оппоненттерин түрмөгө отургузуп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык теңсиздикке, коррупцияга жана непотизмге карата нааразычылыктын бардык белгилерин күч менен басып келатат. Дээрлик 30 жылдан бери Тажикстандагы журналисттер коркутуп-үркүтүүлөрдөн жана кол салуулардан улам бийликтин жогорку бутактарындагы коррупция же адам укуктарын одоно бузуу жөнүндө тыюу салынган темалардан алыс болуп, чындыкты айтуудан карманып келишет. Муну оңой эле түшүндүрсө болот. 30 жылдан бери алмашпай келе жаткан бийликтин аракеттерине нааразычылык акциялары жана митингдер түрүндөгү каршылык Тажикстанда мыйзамсыз деп таанылган, алтургай терроризм катары бааланат. Алсак, 2022-жылдын 17-майында Тажикстандагы саналуу мамлекеттик эмес ЖМКлардын бири болгон “Азия-Плюс” Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы окуяларды чагылдырбастыгын билдирген. Тоолуу-Бадахшанда укук коргоо органдары митингге чыккан жарандарды күч менен таратып, мунун натыйжасында бир демонстрант каза болуп, үчөө жаракат алган. Рахмондун 28 жыл бою бийликти толугу менен өз колуна топтоп, жалгыз башкаруусунун натыйжасында көптөгөн жылдар бою Тажикстан эл аралык рейтингдерде өз жарандарынын саясий укуктарын жана жарандык эркиндиктерин баскан “эркин эмес өлкөлөрдүн” тизмесинен түшпөй келет.

Кыргызстанда, тескерисинче, мамлекеттик эмес ЖМКлар жана динамикалык жарандык коом бийликтин иерархиясына каршы чыгып, сөз эркиндиги жана маалыматка жеткиликтүүлүк үчүн мейкиндикти талашып, коомдук дискурсту олуттуу түрдө оңдоп-түзөп жатышат. Ондогон жылдар бою эл аралык рейтингдер Кыргызстанды саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер жаатында жарым-жартылай эркин өлкө катары таанып келишкен. Бирок, акыркы жылдары жарандардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы кырдаал өтө начар жагына өзгөрө баштады: кандайдыр бир мыйзамдуу негиздерсиз журналисттерге жана активисттерге каршы кылмыш иштери козголуп жатат; мыйзамдарды бузуу менен ЖМКнын эркиндигине жана сөз эркиндигине өзүм билемдик менен кийлигишүүгө мүмкүндүк берген жаңы мыйзамдар кабыл алынууда; президент жана бийликтин башында турган аткаминерлер журналисттерге жөнү жок асылып, жаманатты кылып, коомго алар тууралуу терс пикирди таңуулап жатышат. Бирок эки жыл – бул 28 жыл эмес, ошондуктан Кыргызстанда көз карандысыз журналисттер адам укуктарынын бузулушу жөнүндө журналисттик иликтөөлөрүн улантып, коомго жеткирип келатышат.

Фактыларды текшерүү күчтүү далилдер жана интерактивдүү чагылдыруу менен бекемделет эмеспи, мында ар бир адам журналисттин иликтөөсүнүн жүрүшүн кайра-кайра текшере алат, бул болсо анын ишенимге татыктуу маалымат деген статусун жогорулатары талашсыз. Кыргызстандагы көз карандысыз журналистика өз милдетин аткарып жатканын, коррупция менен күрөшүүнүн жана жарандардын укуктарын коргоонун натыйжалуу куралы болгонун далилдей алды. Дал ошондуктан кризис учурларында мамлекеттик эмес ЖМКлар, жарандык активисттер жана блогерлер Кыргызстан үчүн маанилүү социалдык капиталга айланып, эл аралык коомчулук үчүн кадыр-барктуу маалымат булагы болуп калышты. Кризис маалында эркин, күчтүү ЖМКлардын жана жарандык коомдун уюмдарынын маанисин ашкере баалап салуу мүмкүн эмес. Бул 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда да далилденген, азыр дагы бир жолу тастыкталды.

Мына ушуларды баамдай келсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорктогу 77-сессиясында сүйлөгөн сөзү үмүт берүүдө. Чек арада түзүлгөн кырдаал өлкөнү башкарууда авторитардык векторду тандап алуу Кыргызстан үчүн канчалык кооптуу экендигин көрсөткөндөй болду, себеби мындай жолдун ыктымал кесепеттери – сөз эркиндиги жана жарандык демилге жок аңгыраган бош талаа, буларсыз мамлекет тышкы коркунучтар менен өз алдынча күрөшө албайт. Акыркы күндөрү башыбыздан өтүп жаткан оор сыноолорду эске алганда, бийлик биздин улуттук коопсуздукка болгон курулай коркунучтарды “ачыкка чыгарууну”, бийликти сындагандарды куугунтуктоону токтотуп, эгемендигибизди коркунучка кептеп жаткан чыныгы жана узак мөөнөттүү чакырыктарга каршы турууга тийиш. Биздин өлкөбүздү саясий укуктарды жана жарандык эркиндиктерди камсыз кылып, коргогон, эгемендүү, демократиялык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет катары жарыялаган Конституциябызда да дал ушундай деп жазылган.