Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Медиа коомчулук Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылганын сындап чыгышты.
Алар көзөмөл органдын аракетин сөз эркиндигине басым катары баалашууда.

«Бийликти кескин сындайт»

Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу арызын 22-августта жазганы бир аптадан кийин белгилүү болду.

Райондук соттун басма сөз кызматы иш өндүрүшкө алынганын ырастады.

Алгач көзөмөл органдын “Клооп” басылмасын жабуу үчүн сотко кайрылган документтериндеги жүйөлөрүнө токтоло кетели.

Прокуратура “Клооп Медиа” уюму көрсөтүлгөн уставдарынан сырткары ишмердүүлүк кылып, “сайтында жана социалдык тармактарда жарыялаган материалдары азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындоого багытталганы” айтылат.

Прокуратура терс пикир жаратууда деген басылманын он чакты материалдарынын темасын мисал келтирген. Ал материалдар көбүнчө шайлоого байланыштуу.

УКМК тергеген кылмыш иши

Документтеги маалыматта, 2021-жылы 2-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгы Kloop.kg сайтынын макалалары боюнча сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзгөнү белгилүү болду.

Анда “бийликти басып алууга чакырык” беренесинин алкагында тергөө жүрүп жатканы кабарланат.

“Басылманын бир катар макалаларын чогултуп, талдоонун натыйжасында Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалган. 2022-жылдын 11-ноябрдагы соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, “Клооп Медианын” макалаларында коомго чындыкка дал келбеген терс процесстерди таңуулап, учурдагы өкмөттүн бардык иш-аракеттерине оппозициялык маанай түзүү менен коомдун пикирин тымызын манипуляциялоо камтылган”, — деп жазылган прокуратуранын арызында.

Шаардык прокуратура арызында “Клооп Медиа” коомдук фонду бейөкмөт уюм катары түзүлүп, бирок жалпыга маалымдоо каражаты катары лицензия албаганын белгилеген.

Көзөмөл органы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам менен Жарандык кодекстин талаптарына ылайык, анын маалымат таркатуу милдетин аткаруусу мыйзамсыз деп эсептейт.

Прокуратура көйгөйлөргө «Клоопту» күнөөлөйт

Бишкек прокуратурасы доо арызында Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдүн себеби катары “Клооп” басылмасын көрсөткөн.

Маселен, Баткен облусундагы ички-тышкы миграция “Клооп” жарыялаган материалдардын таасири, кесепети катары көрсөтүлгөн.

Документте басылманын репортаждары коомго эмоционалдык-психологиялык терс таасирин тийгизип, элде коркуу, тынчыздануу, дүрбөлөңгө түшүү сезимин пайда кылып, өзүнө ишенимди жоготуп келечекке үмүтсүздүк жаратканы айтылат.

“Акырындык менен руханий жактан чөгүп, аргасыздыкка батып, турмушунун кыйрашын күтүп калышат, агрессивдүү-кылмыштуу жүрүм-туруму менен социалдык-стресстик психологиялык бузулуулардын өрчүшүнө, сексуалдык аномалияларга, аддикциянын химиялык жана химиялык эмес формаларына, суициддик маанайларга жана башка социалдык адаптациянын бузулуусуна алып келет”, — деп жазылат.

Прокуратура “Клооптун” материалдары жарандардын аң- сезимине жана ой жүгүртүүсүнө терс таасир этүүдө деп эсептейт.

Арызда “Клооп Медиа” коомдук фонду 2021-жылы Кыргызстанда эркин жана таза шайлоо өткөрүүгө таасир этүү үчүн эл аралык уюмдан грант алып, салык декларациясында анын жарымын гана көрсөткөнү жазылган.

«Абсурд айыптоолор»

“Клооп” басылмасынын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай иш-аракеттерге бара турганы мурдатан эле белгилүү болгонун, артка чегинишпей турганын билдирди.

Анна Капушенко.
Анна Капушенко.

“Бизге коюлган айыптарды абсурд деп эсептейбиз. Таң калганыбыз — арыз юридикалык эмес форматта жазылган. Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсүнүн аты аталган иликтөө чыккан — 22-август күнү кайрылууга кол коюлганы таңкалычтуу. Бул басым бийликтин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын эместигине каршы иликтөөлөрүбүзгө байланыштуу деп ойлойбуз”, — деди редактор.

Басылманын сайтында «Клооптун» кызыкчылыгын коргогон юрист Фатима Якупбаеванын прокуратуранын арызы боюнча комментарийи жарыяланды.

Юрист документти талдап чыгып, «кайсы бир материал мыйзамды же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын бузду деп тааныган соттун чечими жоктугун» айткан.

«Бийликти сындоо мыйзам бузуу эмес»

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков “бийликти кескин сындайт” деген жүйө менен маалымат каражатын жабууну туура эмес деп эсептейт. Ал прокуратуранын жүйөсү суу кечпей турганын билдирди.

«Аң-сезимге таасир этүү, бийликти жамандоо деген олуттуу айыптарга далилдүү негиздер керек. Бийликти сындайт деп жоюу туура эмес. Андан да таң калтырганы «Баткенде элдин саны азайып жатат» дептир. «Клооптун» ага кандай тиешеси бар?».

28-августта Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлиги коррупцияга каршы журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Kloop Media басылмасын жоюу арызын кайтарып алышы керек деген билдирүү таратты.

«Кыргыз бийлигинин «Клоопту» жабуу арызы – өлкөдөгү журналисттик иликтөөнү, ичинде жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдү муунтууга багытталган чектен чыккан жана өтө уятсыз аракет болуп саналат», — деген CPJ программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Клооп” боюнча Х (мурдагы Твиттер) баракчасында прокуратуранын «Клоопко» каршы арызынын “бийликти сындоого байланышы жок” экенин жазды.

Медиа коомчулуктун кайрылуусу

Кыргызстандагы медиа коомчулук Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабуу арызына байланыштуу билдирүү таратты. Анда «Kloop Media басылмасы уюмдун уставдарына дал келбеген ишмердүүлүк жүргүзүүдө» деген дооматтар негизсиз экени белгиленген.

«Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу. Бул өңүттөн алганда, прокуратура белгилеген «саясатты кескин сындоо», «дайыма тескери билдирүүлөр» Конституцияда кепилденген сөз эркиндиги жана бийликти негиздүү сындоодон башка эч нерсе эмес. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик кызматкерлердин аларга карата айтылган сын пикирлерге сабырдуулугун жогорулатуу принциби бекитилген, бул алардын ыйгарым укуктарын ачык жана жоопкерчиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл. Сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин конституциялык кепилдиктери жарандарга коомдук талкуу аркылуу мамлекеттик башкарууга катышууга жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө позитивдүү пикирлер аркылуу гана эмес, жеке аракеттерди жана чечимдерди, саясатты сындоо аркылуу реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет», — деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүүгө «Медиа Полиси Институту», “24.kg», GovoriTV, Медиа Консалт фонду, Көз карандысыз журналисттер бирлиги, Factcheck.kg жана Аделя Лаишева, Ярослав Тартыков кол коюшкан.

Алар интернетте маалыматты издөө, колдонуу, жайылтуу жана сактоо укугу эч кандай уруксатты талап кылбай турганын, Kloop басылмасы өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзүп жатканын айтышкан. Жогоруда белгиленген жагдайларды эске алып медиа коомчулук шаардык прокуратураны «Клоопту» жабуу арызын кайтарып алууга чакырган.

«Клооптун» соңку иликтөөсү, президенттин жообу

“Клооптун” соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы жөнүндө сөз болгон.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде буга жооп берип, “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

“Ошол «Клооп» баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштаймын. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп, өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар”, — деген болчу.

Медиа серепчи Жаннат Токтосунова бийликтин эркин медианы жабуу иши өлкөнүн абалына да олуттуу таасир этерин эскертти.

«Убагында Садыр Жапаровдун сотун бийликтин басымына карабай чагылдырган медиалардын бири «Клооп» болгон. Эми президенттин сөзүнөн кийин аны жабуу аракетин туура эмес деп эсептейм. Эл аралык рейтингдерде өлкөнүн деңгээли кандай болушу белгилүү болуп калды», — деди Токтосунова.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Басылманын журналисттери «Азаттык» радиосу менен бирге бажы тармагындагы чуулгандуу иштердин бетин ачкан.

https://www.azattyk.org/a/media-koomchuluk-klooptu-zhabuu-sunushun-ayyptady/32569757.html