Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Медиа коомчулугу прокуратураны “Клоопту” жоюу арызын артка кайтарууга чакырды.

Бишкек шаардык прокуратура Kloop басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылган.

Документте “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискретизациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтары басымдуулук кылары” айтылган.

Медиа коомчулугу прокуратуранын доо арызындагы айыптоону негизсиз деп эсептей турганын билдиришти.

Биз “Клооп Медианы” жоюуну талап кылган прокуратуранын доо арызын жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясын уюмдун уставында каралбаган иш-аракеттерди жүргүзүп жатат деген айыптоосун ​​негизсиз деп эсептейбиз. Конституцияга ылайык, ар бир адам Баш мыйзамда жана мыйзамдарда тыюу салынгандан башка ар кандай аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу.

Клооптун” редакциясы өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзамдын негизинде алып барат.

«Клооп Медианын» редакциясы өзүн коомдук маанилүү маселелерди чагылдырган, мамлекеттик башкаруудагы коррупциянын жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын иликтеген көз карандысыз, абройлуу басылма катары таанылганын өзгөчө белгилегибиз келет. Ушуга байланыштуу «Клооп Медиасын» жоюу боюнча прокурордун талабы саясий мүнөздөгү чечим, өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарын жок кылуу жана жалпысынан сөз эркиндигине басым кылуу аракеттердин уландысындай болуп калгандай”, – деп жазылат кайрылууда.

Төмөндөгүлөр прокуратураны “Клоопту” жоюу арызын артка кайтарууга чакырат:

Медиа Полиси Институту” КФ;

“ПолитКлиника” медиасы;

Дилбар Алимова;

24.kg” МА;

GovoriTV;

«МедиаКонсалт» КФ;

Кыргызстан Журналисттеринин көз карандысыз бирлиги;

Аделя Лаишева;

Ярослав Тартыков;

Factcheck.kg;

Бакыт Асанов “Азаттык”;

Асель Сооронбаева, “Чекит Медиа”;

Kaktus.Media;

Салима Капар;

Тынымгуль Эшиева;

Сабыр Абдумомунов;

Журналисттик иликтөөлөр фонду;

«Медиа өнүктүрүү борбору» КФ;

https://pk.kg/news/inner/media-koomchulugu-prokuraturany-klooptu-zhojuu-aryzyn-artka-kajtaruuga-chakyrdy/