Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

2024-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырган. Аталган Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алууну сунуштаган. 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды. Биз мыйзам долбоорунун бул редакциясында жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын укуктук талаасында иштөө мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектеген жоболор бар деп эсептейбиз.

  1. Милдеттүү каттоо. Милдеттүү каттоо жөнүндө ченемдер жана Министрлер Кабинетинин дискрециялык ыйгарым укуктары кооптонууну жаратууда. Буга чейин мыйзам долбоорунда ЖМКны каттоо ыктыярдуу мүнөздө болчу. Ушуга байланыштуу мындай каттоонун тартибин Министрлер Кабинети аныктайт дегенге каршы болгон эмеспиз, себеби каттоо милдеттүү мүнөздө эмес эле жана ар бир басылма каттоодон өтүү тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алалмак. Бирок, мыйзам долбоорунун 16-июнда кабыл алынган редакциясында каттоо маалыматты жайылта баштоо үчүн милдеттүү шарт болуп калууда (13-берененин 3-пункту), ал эми ЖМКны каттоо, кайра каттоо жана каттоону жокко чыгаруу тартиби Министрлер Кабинетинин кароосуна калтырылган (13-берененин 6-пункту). Бул биринчиден, бардык медиа каражаттары баш тартуу укугу жок эле каттоодон өтүшү керек дегенди билдирет, ал эми экинчиден, бул жол-жобонун эрежелери Жогорку Кеңештин жана коомчулуктун катышуусуз эле мыйзам алдындагы актылар менен каалаган маалда өзгөртүлүшү ыктымал.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылган мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында “Эл аралык стандарттарга ылайык (Жарандык укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 19-беренеси жана Венеция комиссиясынын аны чечмелөөсү, пикири, ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлүнүн бюросунун жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун орто аралыктагы баасы, Сөз эркиндиги жөнүндө маселе боюнча БУУнун атайын баяндамачысынын кайрылуусу, Европа Кеңешинин сунуштамалары, Европанын адам укуктары боюнча сотунун чечимдери ж.б.) ЖМКны каттоо ыктыярдуу, кабарландыруучу мүнөзгө ээ болууга тийиш. Белгилей кетсек, мисалы, Орусиянын ЖМК жөнүндө мыйзамдары интернет-басылмаларды каттоонун ыктыярдуу тартибин карайт (“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Орусия Федерациясынын Мыйзамынын 8-беренеси). Ушундай эле ченем “Масс-медиа жөнүндө” Казакстан Республикасынын Мыйзамында каралган (2024-жылдын 19-июнундагы мыйзамдын 22-беренесинин 1-пункту).

Уюм ЖМК катары ыктыярдуу каттоодон өтүп, өзүнүн редакциясын түзөт, ЖМК жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктарга жана милдеттерге ээ болот, ЖМК жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарга жөнөкөйлөтүлгөн жол менен жетет ж.б. Башкача айтканда, мыйзам чыгаруучу сайттардын ээлерин ыктыярдуу тартипте ЖМК катары каттоодон өтүүгө шыктандыра турган түрткү берүүчү механизмдерди жана артыкчылыктарды (булактарды коргоо, маалыматка тез жетүү, каралоо жөнүңдө дооматтарда ЖМКны көбүрөөк коргоо ж.б.) карашы керек”.

Башкача айтканда, мыйзам долбоорунун концепциясына буга чейин эле интернет-басылмаларды ыктыярдуу каттоо киргизилген. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин экинчи абзацына ылайык, мыйзам долбоорунун концепциясынын алкагынан чыккан өзгөртүүлөргө жол берилбейт. Ыктыярдуу каттоону жокко чыгаруу менен мыйзам долбоору концептуалдык жактан өзгөрүүдө; каттоосуз маалымат таратууга тыюу салынат.

“ЖМК жөнүндө” мыйзам долбооруна медиа тармактан жумушчу топтун пикирлерин эсепке албастан түзөтүүлөр киргизилди. Бул жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы №230 тескемеси менен түзүлгөн. Түзөтүүлөр Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндиги үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратууда. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (ЖСУЭП) ченемдерине карама-каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын – КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Юстиция министрлигинин турумдары эске алынган эмес. Жөнгө салуучу таасирди талдоо (ЖСТ) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен методиканы одоно бузуу менен иштелип чыккан, бул ЖСТда туура эмес корутундуга жана тыянактарга алып келген. Жалпысынан алганда ЖСТ Кыргыз Республикасындагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналистика чөйрөсүндө орун алган көйгөйлөрдүн маңызын чагылдырбайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтында жарыяланган мыйзам долбоорунда көптөгөн сунуштар жана сын-пикирлер, анын ичинде төмөнкүдөй документтерде камтылган ЖМКны милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө ченемдерге тиешелүү сунуштар эске алынган эмес: 1) “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР мыйзам долбооруна ЕККУнун жана ДИАУБнын талдоосу; 2) “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР мыйзам долбооруна Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясынын) талдоосу; 3) “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча БУУнун Атайын баяндамачыларынын билдирүүсү; 4) “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна кыргызстандык ЖМКлар жана медиа уюмдар даярдаган көптөгөн сунуштар жана сын-пикирлер.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттик органдар ар кандай укуктук негиздер менен ЖМКларды мамлекеттик каттоодон баш тартууга, ал эми буга чейин катталган ЖМКлардын ишин олуттуу жүйөлөрсүз эле токтотууга толук эркиндик алышат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат. Регионалдык укук коргоо механизмдери менен кабыл алган документтер Кыргызстан үчүн пикирин эркин билдирүүгө болгон укуктун мазмунунун жана колдонулушунун маанилүү салыштырма булактарын көрсөтсө да, тармактык басылмаларды ЖМК катары милдеттүү каттоонун зарылдыгы жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн негиздемелер жок, жергиликтүү жана эл аралык эксперттик коомчулуктун мыйзам долбоору боюнча көптөгөн сунуштары жана сын-пикирлери көрмөксөнгө салынды. Ушуга байланыштуу веб-сайттарды ЖМК катары милдеттүү каттоого мажбурлоону ЖМКнын эркиндигине кол салуу катары бааласа болот. Бул маселе боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болгон КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (Маданият министрлиги) КР Президентинин Администрациясынын дарегине жөнөткөн 2022-жылдын 4-ноябрындагы катында (чыгыш №12-2/1347) “2-беренеге ЖМК катары тармактык басылма (веб-сайт) деген түшүнүктү кошуу” бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө боюнча өтө кызуу талашты жараткан тема болуп саналарын, себеби бул ченем конституциялык сөз эркиндигин бузуп жатат деп мамлекеттин дарегине айыптоолорду жаратышы мүмкүн экенин белгилеген. Ошондуктан бул бөлүгүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү өтө этияттыкты талап кылат, бул жарандык коомдо жана эксперттик чөйрөдө кеңири талкууларды жаратат.». КР Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасынан кийин бул маселе КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде талкууланып, анын жыйынтыгы боюнча жумушчу топ катталган медиа үчүн ыктыярдуу каттоо жана преференцияларды иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө тыянакка келген. Ошол эле учурда Маданият министрлиги өзүнүн катында “Интернет-ресурстарды ЖМК катары мамлекеттик каттоо аркылуу жөнгө салуу аракети Интернет-ресурстардын, аларды пайдалануучулардын жана бардык кызыкдар адамдардын kg зонасынан Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кирбеген башка “ru, kz, com ж.б.” зонасына өтүшүнө алып келиши мүмкүн” деп эскерткенин белгилей кетүү керек. Негиздеме-маалымкатта бул жагдайлар айтылган эмес жана долбоордун авторлору ыктымалдуу тобокелдиктерди талдаган эмес. Маданият министрлиги ошондой эле “Интернетти жөнгө салууга боло турган критерийлерди белгилөө кыйын болот, себеби ал салттуу ЖМКга мүнөздүү болгон чектөөлөргө ээ эместигин белгилейт – ал басма сөз басылмаларындагыдай физикалык жайылтуу алкактары менен, ошондой эле уктуруучу ЖМК сыяктуу техникалык алкактар жана сигналдын күчү менен чектелбейт.” Чынында эле, мыйзам долбоорунда салттуу ЖМКларды жана интернет-ресурстарды жөнгө салууда кандайдыр бир ажыратуулар жок, бул болсо мыйзам долбооруна киргизилген сунуштардын авторлору тармактык басылмалардын, веб-сайттардын ж.б. табияты жөнүндө билбегенин дагы бир жолу тастыктап турат.

Дээрлик бардык веб-сайттарды каттоону киргизүү каттоо органдарынын штаттык санын негизсиз көбөйтүү зарылдыгына алып келет, бул болсо өз кезегинде республикалык бюджеттин чыгашаларына да таасирин тийгизет. Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта төмөнкүлөргө кандайдыр бир талдоо жасалган эмес: Мамлекеттик органдардын штаттык санын канчага көбөйтүү керек? Канча веб-сайт каттоодон өтүүгө тийиш жана бул үчүн тиешелүү материалдык-техникалык база барбы? Бирок эң башкысы – жогоруда аталган мамлекеттик органдарда бардык веб-сайттарды милдеттүү түрдө каттоо боюнча ченемди ишке ашырууга республикалык бюджеттен жыл сайын чыгымдалуучу сумма жок. Өз кезегинде жөнгө салуучу таасирди талдоодо Маданият жана маалымат министрлиги “ЖМКларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү үчүн мамлекеттик органдардын чыгымдары күтүлбөйт, себеби жаңы мамлекеттик орган түзүлбөйт, ал эми Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин иши алардын ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик бюджеттен каржыланат” деп жаңылыш көрсөткөн. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу; ЖМКнын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет; ишкердик иш-аракетти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык; антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүүгө жатат (жөнгө салынышына ченемдик укуктук актынын долбоору багытталган укуктук мамилелерге жараша). Бирок демилгечилер сунушталган мыйзам долбоорунун негиздүүлүгүнө, заманбаптыгына жана натыйжалуулугуна толук далилдерди келтирген эмес.

Мыйзам долбооруна киргизилген сунуштардын авторлору Интернеттеги веб-сайттардын аймактык чектери жок экендигин эске алуу менен бардык веб-сайттарды каттоонун конкреттүү механизмдерин сунушташкан эмес. Каалаган веб-сайт дүйнөнүн ар кайсы бурчунда түзүлүп, Кыргыз Республикасынын аймагында жеткиликтүү боло алат. Веб-сайттардын трансчек аралык мүнөзүнө байланыштуу кыргыз мыйзамдары башка өлкөлөрдүн домендик зоналарында катталган веб-ресурстарды түзүүнү жана алардын ишин кантип жөнгө салууга ниеттенип жатканы түшүнүксүз бойдон калууда. Мындан тышкары, аккаунттары веб-сайттарга окшош жеке баракчалар болгон социалдык тармактардын колдонуучуларына байланышкан кырдаал да ачык эмес. Мындай веб-ресурстардын бардыгын милдеттүү түрдө каттоонун жол-жобосун киргизүү логикага жатпагандай жана өлчөмдөш эместей көрүнөт. Ошондой эле мыйзам долбоорунда жергиликтүү интернет-провайдерлердин жана жөнгө салуучунун – КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин домендик аталыштарды жана зоналарды бөгөттөө маселелери боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуунун жоктугу күмөн жаратат, бул болсо мыйзамдын жоболорун натыйжалуу аткаруу ишин кыйындатат.

Тармактык басылма деген аныктамага ошондой сайтта жайгаштырылган ар кандай маалымат, мисалы, чыгарма, китеп, окуу куралы кириши ыктымал. Бул учурда мыйзам долбооруна киргизилген сунуштардын авторлору тармактык ЖМКнын табияты боюнча андай эмес болгон башка электрондук басылмалардан айырмасы эмнеде экенин көрсөтүшкөн эмес. Жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштырбастан эле “тармактык басылма” деген орусиялык түшүнүктү колдонуу менен, мыйзам долбоору ченемдин экинчи бөлүгүн эске албайт же көрмөксөнгө салууда, анда “ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаты катары катталган…” деген түшүнүк бардык эле сайттарга эмес, ЖМКнын укуктарын өз ыктыяры менен пайдаланууну жана тиешелүү милдеттерди алууну чечкен алардын бир бөлүгүнө гана жайылтылат. Тактап айтканда, ЖМК жөнүндө Орусиянын мыйзамдары (2011-жыл) каттоонун ыктыярдуу тартибин карайт. ЖМК катары ыктыярдуу каттоодон өтүү менен уюм өзүнүн редакциясын түзөт, ЖМК жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктарга жана милдеттерге ээ болот, ЖМК жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарга жөнөкөйлөтүлгөн жеткиликтүүлүккө ээ болот ж.б. Башкача айтканда, мыйзам чыгаруучу веб-сайттардын ээлерин өз ыктыяры менен ЖМК катары катталууга шыктандыра турган түрткү берүүчү механизмдерди жана артыкчылыктарды (булактарды коргоо, маалыматка тез жетүү, каралоо жөнүндө дооматтарда ЖМКны көбүрөөк коргоо ж.б.) караштырышы керек. Алсак, Azattyk Media редакция кысымга же таасир этүү аракеттерине алдырбастан, тең салмактуу журналистиканын жана фактыларды чагылдыруунун эң жогорку стандарттарына жетүүгө умтулуп, тактык, калыстык, аудиторияны урматтоо жана үгүттөн качуу принциптерин карманарын өзүнүн редакциялык саясатында көрсөтөт. Мындай жол менен укуктук мамилени көрсөткөнү редакциянын кесипкөй жана этикалык стандарттарды сактоого берилгенин тастыктап турат.

Эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга, өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон укук КР Конституциясынын 32-беренеси менен кепилденет. Ошону менен бирге “эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес” деп белгиленген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында ЖМКларда цензурага тыюу салуу бар жана “сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына” тыюу салынат (63-берене). КР Конституциясы адам укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө тыюу салууну белгилейт, башкача айтканда, сөз эркиндигине жана өз пикирин эркин билдирүүгө болгон укук алдын ала уруксатсыз жана макулдашуусуз жүзөгө ашырылууга тийиш. Бирок, мыйзам долбоорунун демилгечилери сунуштап жаткан веб-сайттарды милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө түзөтүү бийлик тарабынан сөз эркиндигин чектөөнү билдирет, тактап айтканда, веб-сайтты каттоодон өткөргөн адам гана өз пикирин билдире алат. Эгерде Юстиция министрлиги веб-сайтты жалпыга маалымдоо каражаты катары каттоону жокко чыгарса, анда бул сайт аркылуу өз пикирин билдирүү эркиндигине болгон конституциялык укукту ишке ашырууга мүмкүн болбой калат. Биздин жарандар улам барган сайын маалыматты Интернет-басылмалардан эмес, социалдык тармактардан алып жаткан шартта, мындай сунуш эскирди десе болот (жана мындан улам колдонуудагы мыйзамдарды архаизмдерден арылтууга багытталган бул мыйзам долбоорунун максаттарына жана милдеттерине жооп бербейт). Конституциянын талаптарына гана эмес, жалпысынан эле сергек ой жүгүртүүгө, замандын тенденциясына ылайык да веб-сайттарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүгө милдеттендирүүгө жол берилбейт. Онлайн мамилелерди жөнгө салуу практикасы мыйзамдардын иш-аракети ар-намысты жана кадыр-баркты, жеке жашоону коргоо, экстремизмге каршы күрөшүү, коомдук тартипти камсыз кылуу жаатында Интернет тармагында жайгаштырылган материалдарга да тиешелүү экендигин, мындан улам журналист, редактор, ЖМК же карапайым жаран экендигине карабастан жоопкерчилик бардык адамдарга тиешелүү экендигин көрсөтүп турат. Өлкөдө маалыматтык мамилелердин бардык катышуучуларынын ортосунда өз ара байланышты түзүү үчүн зарыл болгон ченемдик база түптөлүп калган. Ошондуктан, веб-сайттарды ЖМКга теңдештирүүнү маалыматтык мейкиндиктин үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү кеңейтүү катары гана кароого болот. Мыйзамдар веб-сайттарды түзүүгө жана жүргүзүүгө тыюу салбаганын эске алганда, ЖМК катары каттоодон өткөрүү ыктыярдуу мүнөздө гана болууга тийиш. Бул учурда веб-сайттын ээси сайттын максатын, анын келечектеги максаттарын, милдеттерин, команданын курамын эске алуу менен ЖМК катары каттоонун зарылдыгын өз алдынча чечет. Мындай учурда менчик ээсинин ыктыярдуу каттоо жөнүндө чечимине ЖМКнын редакциялары үчүн өзгөчө артыкчылыктарды (маалымат булактарын коргоо же каралоо жөнүндө дооматтардан коргоо) караган мыйзамдардын ченемдери түрткү болмок, алар маалыматты жайылтуу боюнча функцияларды аткарышат жана коомдун кызыкчылыктарына кызмат кылышат. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин (АУК) №34 Жалпы тартибинин 43-пунктуна ылайык веб-сайттардын, блогдордун жана Интернет-технологияларга негизделген электрондук жана башка маалыматтарды жайылтуунун ар кандай системаларынын, анын ичинде Интернет тармагына кирүү системалары же издөө системалары сыяктуу байланыштын ушул сыяктуу каражаттарынын ишин камсыз кылуучу системалардын ишине кандай гана чектөөлөр болбосун, аларга Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (ЖСУЭП) 19-беренесинин 3-пунктуна шайкеш келген өлчөмдө жол берилет. 19-берененин бул пункту пикир билдирүү эркиндигине болгон укуктарды чектөөгө негиздүү болсо гана жол берет: (a) башка адамдардын укуктарын жана абрюн урматтоо үчүн; b) мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын же адеп-ахлагын коргоо үчүн. Адам укуктарын чектөөнүн ушундай эле максаттары КР Конституциясынын 23-беренесинде да каралган. АУКтун №34 Жалпы тартибинин аталган пунктунда жол берилген чектөөлөр негизинен конкреттүү материалдардын мазмунуна негизделүүгө тийиш деп жазылган; айрым сайттардын жана системалардын иштешине жалпы тыюу салуулар ЖСУЭПнын 19-беренесинин 3-пунктуна туура келбейт. Башкача айтканда, эл аралык ченемдер зомбулук экстремизмди же терроризмди жайылтууга тыюу салуу сыяктуу конкреттүү материалдардын мазмунун чектөөнү талап кылат. Эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык веб-сайтты каттоо милдетин камтыган жалпы тыюу салууларга жол берилбейт. Ушуга ылайык, веб-сайттарды милдеттүү түрдө каттоо талабы КР Конституциясынын жана ЖСУЭПнын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат. Жалпыга маалымдоо каражаттары катары мамлекеттик каттоо тууралуу чечимди интернет-басылмалардын өздөрү кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

  1. Чет өлкөлүк катышуу маселелери. Ошондой эле парламенттин тармактык комитети 16-июнда жактырган мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк юридикалык жактардын, ошондой эле ЖМКнын уюмдаштыруучусу катары чет өлкөлүк катышуусу 35 пайыздан ашкан юридикалык жактардын катышуусуна тыюу салган ченем Кыргызстанда көп жылдардан бери иштеп жаткан бир катар көз карандысыз жана эл аралык медианын ишине коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул жагынан алып караганда көпчүлүк демократиялык өлкөлөрдө менчиктин түзүмү ачык-айкын болгондо жана редакциялык саясат плюрализм менен көз карандысыздык принциптерин бузбаган шартта ЖМКда чет өлкөлүк катышуу демейки коркунуч катары каралбагандыгын белгилей кетүү маанилүү. Тыюу салуулардын ордуна тең салмактуу жөнгө салуу системасы колдонулат. Алсак, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө негизги көңүл монополияга каршы жөнгө салууга бурулат, бул бир компаниянын, анын ичинде чет өлкөлүк компаниянын медиа рыногунда ашыкча үлүшкө ээ болбошун камсыз кылат. Бул ээлик кылуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, монополиядан жана маалыматтык саясатка тымызын таасиринен оолак болууга, ошондой эле пикирлердин плюрализмин кепилдөөгө жардам берет. Мисалы, беш веб-сайт жана үч телеканал бир адамга таандык болсо, муну көп түрдүүлүк деп айтууга болбойт. Мындай учурларда монополияга каршы органдар бүтүмгө бөгөт коюшу мүмкүн. ЖМКнын ээси мисалы, аткаминер, депутат же ири мамлекеттик подрядчы болгондо монополияга каршы жөнгө салуу кызыкчылыктардын кагылышын да аныктайт. European Media Freedom Act (EMFA) алкагында Европа Биримдиги ЖМКга ээлик кылуунун, анын ичинде акыркы бенефициарлардын милдеттүү түрдө ачык-айкындуулугун сүрөйт. Ээси (анын ичинде чет өлкөлүк) расмий каттоодон өтүп, коомго белгилүү болушу керек. Бул коомчулукка жана жөнгө салуучу органдарга медианын бир нече ири оюнчулардын колуна топтолушун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, бул болсо өз кезегинде медиа мейкиндиктеги плюрализмди жана ар түрдүүлүктү сактоого көмөктөшүп, жашыруун саясий же корпоративдик таасирге жол бербейт. Мыйзам жеке да, мамлекеттик да түзүмдөрдүн медианы монополизациялоосуна жол бербөөгө багытталган чараларды белгилейт. Бул медиа рыногунда атаандаштыкты жана контенттин көп түрдүүлүгүн сактоо үчүн маанилүү. EMFA ошондой эле ЖМКнын ээлеринин ЖМКнын редакциялык саясатына кийлигишпөөсүн камсыз кылууга багытталган. Бул өзүнө журналисттерди жана редакторлорду саясий жана корпоративдик кысымдардан коргоону камтыйт.
  2. “Көз карандысыз журналист” түшүнүгүн жокко чыгаруу. Мыйзам долбоору менен журналист деп жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалыматтарды чогултуу, талдоо, редакциялоо, даярдоо жана жайылтуу менен алектенген чыгармачыл кызматкерди түшүнүш керек деп сунушталууда. Депутаттардын бул аныктамада “жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн” деген сөздү толукташы журналист каттоодон өткөн ЖМКларда гана иштеши керек дегенди билдирет.

Ошол эле учурда “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы журналисттин кесиптик ишине байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, анын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, укуктук жана социалдык кепилдиктерди берет, журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын белгилейт. Бул мыйзам ошондой эле ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору сыяктуу эле “журналист” деген терминге аныктама берет. Бирок бул түшүнүктөр эми кайрадан айырмаланып калды. Аталган Мыйзамдын 3-беренесине ылайык журналист – материалдарды чогултуу, талдоо, редакциялоо, даярдоо жана маалыматтарды таратуу менен алектенген чыгармачыл кызматкер. Бул аныктама эл аралык ченемдерге толугу менен шайкеш келет. Алсак, БУУ АУКтун №34 Жалпы тартибиндеги пикирлердин 44-пунктуна ылайык, журналисттик функцияларды адамдардын кеңири чөйрөсү, анын ичинде басма сөздө, Интернетте же башка жерде чыккан кесипкөй штаттык кабарчылар жана серепчилер, блогерлер жана башка адамдар аткарат, ошондуктан журналисттерди каттоонун же аларга лицензияларды берүүнүн жалпы мамлекеттик системасынын болушу Жарандык жана эл аралык укуктардын эл аралык пактынын 19-беренесинин 3-пунктуна шайкеш келбейт.

Бирок, “журналист” терминин аныктоодо ЖМКлар үчүн материалдарды чогултуу критерийин киргизүү катталган ЖМКларда эмгек мамилелери менен байланышпаган көз карандысыз журналисттер болбойт дегенди билдирет. ЖМКны каттоодон баш тартуу же каттоосун жокко чыгаруу журналисттин маалымат чогултуу жана жайылтуу иштерин жүргүзө албай калат дегенди билдирет.

  1. Таркатууда чектөөлөр коюлган маалыматтарга карата. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинде ошондой эле расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (жек көрүүнү), улуттун кадыр-баркын кемсинтүүчү, ошондой эле басмырлоону, кастыкты же зомбулукту козутуу максатында маалыматтарды таратууга тыюу салуу сунушталган. Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ “басмырлоону, кастыкты же зомбулукка чакырууну түзгөн улуттук, расалык же диний кастыкты (жек көрүүнү) козутуу үчүн;” деген туюндурманы сунуштады. Мындай туюндурма КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде каралган кастыкты козутуу үчүн жоопкерчиликке тиешелүү бир катар маселелер менен таанышып чыккандан кийин сунушталган. Алсак, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 20-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык, улуттук, расалык же диний кастыкты козутууга, басмырлоого, кастыкты же зомбулукка үндөгөн ар кандай үгүткө мыйзам менен тыюу салынууга тийиш. Эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында басмырлоого, кастыкка же зомбулукка үндөгөн, башкача айтканда, башкаларды корголгон топторду басмырлоого чакырган, аларга кастык мамиле жасоого же аларга зомбулук көрсөтүүгө чакырган маалыматтарды таратууга тыюу салуу зарыл. Ошону менен бирге адамды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн бул шарттын туюндурмасы баа берүүчү жана бүдөмүк болгондуктан, кылмыштарды квалификациялоодо жазык мыйзамдарын колдонууга олуттуу карама-каршылыктарга жана тандалма кыянаттыктарга жол бергендиктен, “улуттук кадыр-баркты кемсинтүү” дегенди алып салыш керек.

БУУнун Универсалдуу мезгилдүү серебинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесин (мурда Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси) ЖСУЭПнын 20-беренесинин 2-пунктуна шайкеш келтирүү зарылдыгы көрсөтүлгөн[1]. Бул сунуштаманы аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №655-т Тескемеси менен бекитилген Адам укуктарын коргоо боюнча 2022-2024-жылдарга иш-чаралар планынын 99-пунктунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбооруна ошондой эле 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна түзөтүү киргизилген, ага ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды, же болбосо мындай жайылтуу үчүнчү жактардын конституциялык укуктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу жөнүндө маалыматтарды таратууга, ошондой эле анын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине кол салууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш. Ушул пунктта каралган учурларда маалыматты жайылтууда расмий булактарды пайдалануу жана коомдук кызыкчылыкты коргоо үчүн идентификациялоо талап кылынгандан башка учурларда, бөтөн адамдарды идентификациялоого жол бербөө боюнча чараларды көрүү зарыл.

Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ мыйзам долбоорунда биринчи окууда болгон төмөнкүдөй туюндурманы сунуш кылды: жалпыга маалымдоо каражаттары төмөнкү учурларга жол бербөөнүн чараларын көрүүгө тийиш: “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, же болбосо бул үчүнчү адамдардын конституциялык укуктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн зарыл болгон жана\же башка адамдардын мүмкүн болуучу идентификациясына каршы чаралар көрүлгөн учурларды кошпогондо, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз жайылтуу, анын ар-намысы менен кадыр-баркына, ишкер беделине шек келтирүү;”

Депутаттар сунуштаган редакцияда журналист адамдын жеке жашоосу тууралуу маалыматты кайсы “расмий булактардан” алышы керектиги, мисалы, мамлекеттик кызматкерлердин кызыкчылыктарынын ыктымалдуу кагылышуусу тууралуу маалыматты кайсы расмий булактардан тастыкташы керектиги белгисиз.

Ушуга байланыштуу биз Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровду кабыл алынган мыйзам долбоорун төмөнкү жүйөлөрдөн улам четке кагууга үндөйбүз.

  • ЖМКнын ишин баштоонун шарты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүү ашыкча тоскоолдуктарды жаратып, административдик кысым көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Каттоодон өтүүнү каалагандар үчүн ачык-айкын жана жөнөкөй механизмди камсыз кылып, каттоонун ыктыярдуу мүнөзүн кайтаруу сунушталат, бул болсо эркиндикти жана көз карандысыз ЖМКлардын өнүгүүсүн колдойт.
  • Каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу жол-жоболору аткаруу бийлигинин эркине калтырылбай, мыйзам менен так жөнгө салынууга тийиш. Эрежелерди белгилөөдө жана өзгөртүүдө ачык-айкындуулукту, коомчулуктун жана парламенттин катышуусун камсыз кылуу керек, бул болсо кыянаттыктан жана саясий кысымдан оолак болууга көмөктөшөт.
  • Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен чет өлкөлүк катышуусу 35 пайыздан ашык болгон юридикалык жактарга жана уюмдарга тыюу салгандын ордуна плюрализмди камсыз кылууга жана рыноктун монополиясына жол бербөөгө багытталган ачык-айкын жана адилеттүү жөнгө салуу механизмдерин киргизүү керек.
  • Жашыруун таасирге жол бербөө үчүн менчик түзүмүнүн толук ачыктыгын жана акыркы бенефициарларды каттоону камсыз кылуу зарыл. Бул ЖМКга ишенимди жогорулатып, бийлик менен коомго медиа активдердин топтолушун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

 

[1] https://media.kg/wp-content/uploads/2024/10/podborka-rekomendaczij-mehanizmov-oon-po-pravam-cheloveka_rus.pdf