“Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына таянып, “Настоящее время. Азия” редакциясынын телеканалынын YouTube каналынан “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен 2022-жылдын 16-сентябрында түз эфирге чыккан берүүсүн алып салуу жөнүндө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары – ММСЖСМ) чечими алтургай формалдуу мыйзамдуу негиздерге да ээ эмес. Мындан улам, “Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу толугу менен мыйзамсыз ишке ашырылган.
“Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын өзү өтө катаал болуп саналат, себеби бул мыйзам өтө кенен, бүдөмүк туюндурмаларды жана адилетсиз ченемдерди камтыйт, алар ыйгарым укуктуу органга, тактап айтканда ММСЖСМга көз карандысыз ЖМКларды өзүм билемдик менен, соттун мыйзамдуу чечими жок, чындыкты аныктоо максатында атаандаш териштирүүлөрдү жүргүзбөстөн жаап салууга мүмкүндүк берет. Бирок, мыйзамда бүдөмүк, өзүм билемдик менен чечмелөөгө шарт түзгөн туюндурмалары бар болсо да ММСЖСМ “Азаттыктын” сайтын жабуу тууралуу чечими менен жада калса ушул эле мыйзамды да бузду. Алтургай, министрликтин мындай “өз убагында” кабыл алган чечими Кыргызстан үчүн сөз жана ЖМК эркиндигинин маанилүүлүгүн оозунан түшүрбөгөн КР Президент Садыр Жапаровду да өтө ыңгайсыз абалда калтырды – Президент бүгүн, 2022-жылдын 27-октябрында Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.
ММСЖСМнын катасы эмнеде? Өтө катаал мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген анык эмес (жалган) маалымат жайылтылды деп эсептеген ар бир адам Интернет тармагындагы сайттын ээсине же Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээсине, баракчадан же сайттан анык эмес (жалган) маалыматты токтоосуз (кайрылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде) алып салууну жана мурда жарыяланган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жарыялоо жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу”. Мындан улам, бул мыйзам юридикалык же жеке жактардын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин коргоо маселелерин гана жөнгө салат.
Эгерде 24 сааттын ичинде сайттын ээси жооп бербесе, анда 2022-жылдын 8-апрелинде Министрлер Кабинети кабыл алган мыйзамга жана тартипке ылайык, ыйгарым укуктуу орган – Маданият министрлигине арыз менен кайрылуу талап кылынат, ыйгарым укуктуу орган кайрылган адамдын арызын 48 сааттын ичинде карайт. Ошентип, белгиленген механизм ар-намысына, кадыр-баркына же ишкер беделине шек келтирген жалган эмес маалыматтар жайылтылды деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы боюнча гана сайтка бөгөт коюуну караштырат.
Ал эми сөз болуп жаткан кырдаалда министрликтин дарегине мындай арыз түшкөн эмес. ММСЖСМнын 2022-жылдын 24-октябрында “Азаттыкка” даректелген талабы гана бар, анда жада калса сайтка да эмес, “Азаттыктын” Youtube каналына эле чыккан берүүнү алып салуу талабы коюлган. Бул катта министрлик ар-намысына, кадыр-баркына же ишкер беделине шек келтирген жалган маалыматтар кимге карата таратылгандыгын тактап көрсөткөн эмес, себеби андай арыз ээси жок.
ММСЖСМнын иш-аракеттери өтө катаал мыйзамдын ченемдерин гана бузбастан, ошону менен бирге Министрлер Кабинетинин Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин (2022-жылы чыккан) да бузуп жатат. ММСЖСМ “Азаттык” мыйзамдарды милдеттүү түрдө сактоо жөнүндө 2022-жылдын 17-сентябрындагы катка жооп берген эмес деп айтып, коомду адаштырып жатат, себеби аталган катта Баткендеги окуяларды чагылдырууда мыйзамдарды сактоо өтүнүчү гана камтылган, бирок маалыматка карата эч кандай конкреттүү доомат коюлган эмес.
Көңүлдү бурган дагы бир жагдай бар: сайтты бөгөттөө боюнча министрликтин бул талаптары өтө катаал “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” КР мыйзамынын алтургай формалдуу негиздерине да жооп бербейт, ал эми соттун чечими жок өзүм билемдик менен ЖМКга бөгөт коюу – бул ачыктан ачык цензура, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык тыюу салынган. Ошондой эле КР Конституциясынын 63-беренесинин 63-бөлүгү сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салат.
Биз “Азаттыктын” сайтын жабуу бул мыйзамды кабыл алуунун чыныгы максатын далилдеп турат деп эсептейбиз. Бул мыйзам бийликтин аракеттерине көз салып турган жана жарандарга бул бийликтин кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам берген ЖМКларга каршы административдик цензура орнотуу максатында кабыл алынган.
Учурдагы жагдайда “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” КР мыйзамы өз убагында мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынгандыгын эске салуу маанилүү деп эсептейбиз. Алсак, бул мыйзамды кабыл алуу демилгеси 2020-жылы, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун маалында эле башталган. Башында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталган чуулгандуу мыйзам долбоорунун расмий демилгечиси депутат Гүлшат Асылбаева болчу. Ошондо бул долбоордун чыныгы милдети жогорку бийликте турган саясатчыларды мыйзамдуу сындан коргоо үчүн цензура орнотуу болгонун айтып, медиа коомчулук мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу нааразычылыгын билдирген. Бирок буга карабастан, 2020-жылдын 26-июнунда депутаттар чуулгандуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Ошондон кийин пайда болгон коомдук резонанс жана #ReАкция митингдери ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду коомчулуктун пикирине кулак төшөөгө мажбур кылып, мыйзам долбоору 2020-жылдын июлунда жеткире иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарылган.
2020-жылдын октябрындагы окуялардын натыйжасында бийлик алмашкандан кийин КР Президентинин Администрациясынын демилгеси боюнча мыйзам долбоору “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” деген аталыш менен кайрадан Жогорку Кеңештин күн тартибинде пайда болгон. 2021-жылдын 30-июнунда парламентте мыйзам долбоору эки жолу добуш берүүгө коюлганына карабастан четке кагылган (бул көрүнүш депутаттар мыйзам долбоорун баамдап туруп четке какканынан кабар берет). Бирок жаңы президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийин (2021-жылдын 21-июлунда) кырдаал түп-тамырынан өзгөргөн. Бул жолугушууда президент депутаттардан кайрадан киргизилип жаткан чуулгандуу мыйзам долбоорун колдоп берүүнү өтүнгөн. Натыйжада депутаттар 2021-жылдын 28-июлунда мыйзам долбоорун акыры кабыл алышкан. Бул долбоор мыйзамдарды одоно түрдө бузуу менен кабыл алынган, жол-жоболорго ылайык, четке кагылган “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2022-жылдын январь айына чейин каралбашы керек болчу. Мына ушундай ыкмалар менен Кыргызстанда бийликке административдик ресурстарды колдонуп, сайттарды соттун чечимисиз бөгөттөөгө мүмкүндүк берген мыйзам пайда болгон.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, биз сөз эркиндигине жана басма сөз эркиндигине болуп жаткан жапырт жана буга чейин болуп көрбөгөндөй басымды токтотууга, журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана өз оюн эркин билдирген башка адамдарга карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырабыз! Бул адамдарды, айрыкча аялдарды, энелерди камоо токтотулушу керек! Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузбаган мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алууну талап кылабыз! Сөз жана ЖМК эркиндигин чектөө боюнча мыйзам чыгаруу демилгелерин токтотууну талап кылабыз. Ошондой эле соттун чечими болбой туруп ЖМКларды жабууга мүмкүндүк берген өтө катаал мыйзамдын күчүн жоготуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөгө чакырабыз! Себеби мамлекет башчысы Садыр Жапаров тынбай айтып жаткандай, Кыргызстан сөз жана демократия принциптерин сыйлаган эркин өлкө болуп саналат.
“Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду
редакциялар: Kaktus.media, Kaktus.kg
Bilesinbi.kg
Темиров лайв редакциясы
Айт Айт Десе
Болот Темиров
“24.kg” маалымат агенттиги
Асель Оторбаева
Махинур Ниязова
Журналисттик иликтөөлөр фонду
Адэля Лаишова
Тынымгуль Эшиева
Эльмира Ногойбаева
Көз карандысыз журналисттер союзу
Медианы өнүктүрүү борбору
Factcheck.kg
Салима Капар
Дмитрий Ложников
Редакция «Апрель»
Телеканал NEXT-TV
Редакция «Арча Медиа»
Дилбар Алимова, «ПолитКлиника»
Айгүл Бакеева, «ПолитКлиника»
Данияр Садиев
Платформа действий медиа Кыргызстана
Тамара Валиева
ОО «Дом Журналиста»
ТВ Академия
GovoriTV
Bulak.kg
Толкун Наматбаева
Марат Токоев
Кайыргуль Урумканова