КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (КР УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 13-июнунда “Новые лица” басылмасына берген маегинде Равшан Жээнбековго КР Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (“Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо”) боюнча кылмыш жоопкерчилигин эскертти. “Мен бүгүн эртең менен тийиштүү бөлүмдөргө Жээнбековду башкармалыкка алып келип, жалган маалымат таратууга болбой турганы боюнча расмий түрдө эскертүү берүүнү тапшырдым. Ар бир адам, айрыкча саясатчы өз сөзү үчүн жооптуу болушу керек. Бул эч жоопкерчилик албастан, жөндөн-жөн айтылып кала берчү сөздөр эмес. Жок, айткан сөзү үчүн жооптуу болушу керек. Равшан Жээнбеков да өз сөзү үчүн жооп берет, Ташиев да, Мадумаров да жооп беришет. Ар бир адам, албетте, мыйзам боюнча жооп берет. Мына эми Равшан да КР Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча жооп берет”, — деп билдирди Камчыбек Ташиев. Мунун алдында Равшан Жээнбеков саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүн калыс териштирүү зарыл экенин айткан.
Жазык куугунтугуна алуу тууралуу жогорку кызматты ээлеген адам – улуттук коопсуздук органдарынын төрагасы, ошону менен катар Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары айтып жатканын эске алуу менен, “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду төмөнкүлөрдү белгилейт:
КР Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинде (“Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо”) кылмыш жасалгандыгы жөнүндө укук коргоо органдарына билип туруп жалган билдирүү жасоо үчүн жазык жоопкерчилиги каралган. Бул беренеде укук коргоо органдарына кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды берүү же укук коргоо органы күнөөсүз адамды билип туруп айыптоо үчүн жаза каралган. Кылмыштардын бул категориясы далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштарга кирет (КР Кылмыш-жаза кодексинин 44-главасы). КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 149-беренесине ылайык “арыз ээсине атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет, бул тууралуу берилген арызга же протоколго белги коюлуп, ал арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлөт”. 2015-жылы эле КР Жогорку сотуна караштуу Конституциялык палата “Бул кылмыштын коркунучтуулугу – анын соттордун жана укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жана ченемдик ишмердүүлүгүнө кийлигишкенинде, жазык ишин толук жана ар тараптуу иликтөөгө тоскоолдук кылганында. Атайлап жалган маалымат берүүнүн натыйжасында укук коргоо органдары чыныгы кылмышкерди табуу мүмкүндүгүн жоготуп, жалган из менен барышат, ушуну менен алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жана майнаптуулугу азаят”[1] деген чечимге келген. Ошол эле учурда Конституциялык палата “ушул чечимде ачылган маанисинен айырмаланган башкача түшүнүү жана колдонуу ар кимдин өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын бузат” деп белгилеген. КР Конституциясы ар бир адамдын өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укугун кепилдейт. Бул укукка төмөнкүдөй учурларда гана кийлигишүүгө жол берилет: ушул укук улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Баш мыйзам менен чектелиши мүмкүн. Мисалы, эгерде адам аны каралаган маалыматтар жайылтылды деп эсептесе, анда ал ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо максатында сотко кайрылууга укуктуу. Белгилей кетүүчү нерсе, УКМКнын жетекчилиги өз пикирин эркин билдирүүгө конституциялык укугун колдонгон адамдарга ушул өңдүү “жоопкерчилик тууралуу эскертүүлөрдү” биринчи жолу берип жаткан жок. Алсак, 2021-жылдын 29-августунда УКМКнын пресс-кызматы пресс-релиз таратып, анда “журналисттерди, активисттерди жана блогерлерди адамдарды адаштырбоону жана мамкомитеттин көңүлүн майда-барат нерселерге алаксытпоону” өтүнгөн. Ошол эле жылдын 8-июлунда өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет башчысын жана башка кызмат адамдарын сындап жаткан Интернет колдонуучуларга нааразычылыгын билдирген.
Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү коомчулук арасында көптөгөн суроолорду, талкууларды жана кызмат адамдарына карата сын-пикирлерди жаратып, жазык куугунтугунун, камакта кармоонун негиздүүлүгү жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө маселелерди күн тартибине алып чыкты.
Бул жерде бир жагдайды белгилей кетүү туура болот: КР Жогорку сотунун Пленумунун 2015-жылдын 13-февралындагы №4 “Ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо тууралуу талаштарды чечүү боюнча соттук тажрыйба жөнүндө” токтомуна ылайык, “эл алдында жүргөн саясий ишмерлер муну менен ЖМКда коомдук саясий талкуунун жана сын-пикирдин объектисине айланууга макул болушат. Мамлекеттик кызмат адамдары өз милдеттерин кандайча аткарып жаткандыгына байланыштуу ЖМКларда сынга алынышы мүмкүн, себеби бул алардын ыйгарым укуктарын ачык жана жоопкерчиликтүү аткаруусун камсыз кылуу үчүн керек. Эл алдында жүргөндөр сөздөрү жана иш-аракеттери ачык чагылдырыларына макул”. Мындан улам жогорку кызматтарды ээлегендер өз дарегине айтылган сындарга сабырдуу мамиле жасоого тийиш.
Ошол эле учурда чек ара маселелери чечилбей жаткандыктан мезгил-мезгили менен кыргыз-тажик чек арасында олуттуу куралдуу тирештер болуп турарын белгилей кетүү керек. Чек ара маселесин чечүү улуттук коопсуздукту камсыз кылууда КР УКМКнын артыкчылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш.
[1] КР Жогорку сотуна караштуу Конституциялык палатанын 2015-жылдын 14-январындагы чечими.