Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Бүгүн, 3-майда Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленип жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым күчөгөндөн улам Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын өкүнүч менен белгилейбиз.

2022-жылдын башынан бери эле Temirov.Live, Kaktus.Media жана Next TV телеканалынын редакцияларына кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу үч кылмыш иши козголду. 2022-жылдын 22-январында милиция кызматкерлери иликтөөчү журналист жана Temirov.Live порталынын негиздөөчүсү Болот Темировду кармашкан. Күч кызматкерлери редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникалык жабдууларды алып кетишкен. Журналистке КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын апрель айында укук коргоо органдары журналистке КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (“Документтердин жасалмасын жасоо”) жана 378-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) боюнча айып коюп, дагы эки кылмыш ишин козгоду. Эки учурда тең Болот Темировго каршы иш Кыргызстандын жогорку кызматтагы аткаминеринин аты аталган коррупцияга каршы чуулгандуу материалдар жарыялангандан кийин ачылган.

2022-жылдын 31-январында чек арадагы кезектеги жаңжал учурунда Kaktus.Media сайтынын редакциясы тажик басылмасына чыккан жаңылыкты көчүрүп жарыялаган факты боюнча прокуратура КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Редакциянын аракетинде кылмыштын белгилери болуп-болбогонун тергөө максатында сотко чейинки өндүрүш башталган.

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин камакка алынганы жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүнүн кезектеги фактысы болду. Ал 2022-жылдын 3-мартында “алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу менен жалпыга маалымдоо каражаттарын, ошондой эле Интернет тармактарын пайдаланып, кастыкты козуткан” деген шек менен кармалган. Бирок ушул күнгө чейин бул иш боюнча Таалай Дүйшөнбиевден башка шектүүлөр аныктала элек, бул иш жүзүндө кылмыштын курамы болбогонунан кабар берет. Т.Дүйшөнбиев 3-июнга чейин камакта калды. Ошол эле учурда КР Башкы прокуратурасы сот аркылуу Next TV телеканалынын ишин токтотууну жана анын продукциясын жайылтууга тыюу салууну талап кылып келүүдө.

Ушул процесстердин баары жана ЖМКга козголгон иштер эркин медиага эбегейсиз зор басым болуп жатканынын далили. Бизди, медиа уюмдарынын өкүлдөрүн, журналисттерге жана ЖМКга козголуп жаткан иштер менен катар, Интернетте журналисттерге онлайн чабуул уюштурулуп, аларды каралоо, коркутуу аракеттери болуп жатканы да тынчсыздандырууда. Журналисттер жана редакциялар социалдык тармактардагы жеке аккаунттарын, почталарын жана мессенджерлерин бузуп кирүү аракети болуп жатканын көбүрөөк кабарлай башташты. Мындан тышкары, айрым көз карандысыз редакцияларды жабуу талаптары да көбөйдү.

Тилекке каршы, жогорку кызматтагылар жалпыга маалымдоо каражаттарына жасалган чабуулдарды айыптагандын ордуна, эл алдында сүйлөгөн сөзүндө аларды эч жүйөсүз айыптап, коомчулуктун алдында журналисттердин ишине көө жабышууда. Жалпы кысымга карабастан, эркин медиа каражаттарынын журналисттери жарандардын маалыматка жетүү укугун камсыздоо максатында өз милдеттерин аткарып жатышат. Жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды, учурдагы курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чагылдырып, бийликтеги коррупциянын бетин ачып, жарандардын укуктарын коргоп, мыйзамдуулук жана демократия үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүп келүүдө.

Дагы бир маанилүү жагдай сөз эркиндиги жаатындагы мыйзамдардын начарлашына байланыштуу.

Февраль айында Министрлер Кабинети “Анык эмес (жалган) маалымат жөнүндө” Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу максатында “Интернет тармагындагы анык эмес (жалган) маалыматка даттануу жөнүндө” жобону иштеп чыккан. Бул жобо соттун чечимисиз эле Интернеттеги маалыматка бөгөт коюуга жол берет.

Медиа коомчулуктун коомдук телерадиокомпаниянын маанилүүлүгү жөнүндө кайрылууларына карабастан, Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды, бул мыйзам КТРКны “коомдук канал” статусунан ажыратат деп болжолдонууда. Мыйзам ири медиакорпорациянын ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөлдү жокко чыгарып, анын редакциялык саясатына кийлигишүүнү мыйзамдаштырат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга сөз эркиндигин, өз оюн эркин билдирүү укугун кепилдей турганын бийликтегилер эстен чыгарбашы керек. Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына цензурага жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык бийлик сөз эркиндигинин жана пикир айтуу эркиндигинин чөйрөсүнө ашыкча кийлигишүүдөн карманууга тийиш. Ар кандай чектөөлөр мыйзамдуу максатты көздөп, коюлган чектөөлөргө өлчөмдөш болушу керек. Азыркы бийлик кысым жана репрессия учурунда өз укуктарын коргоп, элге өз үнүн жеткирүү үчүн социалдык тармактарды, Интернетти жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жигердүү пайдаланышкан. Демек, алар сөз эркиндигинин, эркин медианын баасын билип, чындыкка монополияны орнотпоо канчалык маанилүү болгонун толук түшүнүшөт. Чек арада чыр-чатактар көбөйүп, дүйнөдө кырдаал курчуган кезде, такталбаган маалыматтар, фейктер жана пропаганда өтө көп тарап жаткан мезгилде көз карандысыз, күчтүү жана кесипкөй медианын бар болгону өзгөчө маанилүү.

Бүгүн дүйнө жүзү сөз эркиндигинин жана пикир айтуу эркиндигине болгон укуктун маанилүүлүгүн белгилеп жатканда, биз Кыргызстандын бийлигин демократиянын жетишкендиктеринен жана принциптеринен тайбоого, көз карандысыз журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотууга, сөз эркиндигине каршы келген мыйзам долбоорлорун демилгелөөдөн карманууга жана журналисттердин иши үчүн коопсуз шарттарды түзүп берүүгө чакырабыз.