Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Аламүдүн райондук сотунда 6-декабрда жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирге айыптоо актысы угузулду.

Прокуратура өкүлү «Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто «массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, «булардын тизгинин кагыш керек» деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган» деп билдирди.

Олжобай Шакир айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган жок.

Сот жараянында Олжобай Шакирдин жактоочусу Акмат Алагушев шектүүнүн ишине экспертиза жасаган эксперттерди чакыруу өтүнүчүн келтирди. Судья кийинки отурумда экспертти чакыруу чечимин кабыл алып, кийинки отурумду 12-декабрга белгиледи.

“Айыптоо корутундусун угузду. Сот Олжобай Шакировдон “күнөөнү моюнуңузга аласызбы?” деп сурады. Ал “албайм” деп жооп берди. Бул иш боюнча күбөлөр жок экен. Эки эксперт корутундусун берген. Биз аларды сурайлы деп өтүнүч бердик”, — деди адвокат Алагушев.

Сотко жазуучуну колдоп, туугандары жана төкмө акын Азамат Болгонбаев, журналист Шайырбек Абдырахман баштаган чыгармачылыктагы кесиптештери келди.

Азамат Болгонбаев
Азамат Болгонбаев

“Дегеле, адабияттын өкүлү эмес, ар бир жаран коомдук пикирин билдирип турушу керек. Коомдук пикирди акыйкат карашыбыз керек. Ар бир пикир үчүн сот иши жүрө берсе, мамлекеттин өзүнө дагы зыян го деп ойлойм. Чындап келгенде Олжобай митинг кыла турган адам эмес. Митинг кылса дагы анын саясий кызыкчылыгы жок. Бийликке алып барып койсоң дагы отурбайт. Ошондуктан соттор акыйкат болсо болмок”, — деди төкмө акын Азамат Болгонбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 6-декабрдагы брифингде «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Олжобай Шакирдин сот иши боюнча мындай комментарий берди:

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Тарбиялык эле болуп жатат. Эч ким Олжобай Шакир менен касташып же артынан түшүп, үй-бүлөсүнөн ажыратып, кылмышкер кылып түрмөгө каматкан жок. Кээ бир учурларда мамлекеттин функциясы болот, коомчулукту өзүнө келтиришибиз керек”, — деди.

Олжобай Шакир быйыл 23-августта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгогон.

Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Олжобай Шакир айыптарды четке кагып келет.

«Кыргыз мамлекети эмнеге өз элинин кулк-мүнөзүнө, менталитетине ылайыктуу жаңы ыкмаларга өтүп, эл менен бийликтин ортосундагы диалог жолун издебейт?! Ошол диалог жүргүзүүнү менин видео кайрылууларымда эң жөнөкөй тилде түшүндүргөнүмө бийлик эмнеге кунт койбой, бир элди тополоң-тозго чакыргандай кабыл алды?
Мен жазуучу катары жана гуманисттик идеяларды жайылтуучу жаран катары элди агрессияга үндөөдөн алысмын! Видео кайрылуумда мен өз аудиторияма бир нече жолу кайталап: “Силер мага телефон чалбагыла, мени издеп келбегиле! Баарыңардын колуңарда мобилдик телефондор бар. Демек, онлайн аркылуу айыл-кыштактардан болсун, шаарлардан болсун, 31-август өлкөбүздүн Эгемендик күнүнө карата өз пикирибизди айтууга чакырам!” – дегендин эмнеси кылмыш?!», — деген Шакир абактан жазган катында.

Буга чейин атайын кызмат жазуучу «Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын” билдирген.

Олжобай Шакирдин онлайн митинг уюштуруу чакырыгын Фейсбукта бөлүшкөнү үчүн дагы бир активист Зарина Төрөкулова абакта жатат.

Айыптоочунун сөзүнө караганда, Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы “Умай Аруу” аттуу аккаунттан эки маалымат бөлүшкөн. Анын бири — “Жапаров мафия”, экинчиси — «онлайн митинг уюштурабыз» деген билдирүү. Бул материалдарга байланыштуу экспертиза жүргүзүлгөн.

47 жаштагы Зарина Төрөкулова сот отурумунда “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берип, бул иштерди «душмандары уюштурган саясий буюртма” деп атаган.

“Бул жактагы прокурор дагы, сот дагы саясий заказ деп коркуп жатабы, билбейм, мага эки чоң берене менен айып коюп жатат. Эми калганы териштирүүнүн жүрүшүндө билинет. Бул жерде мен “Умай Аруу” деген аккаунттун постун бөлүшкөм. Ал жерде Олжобай Шакирдин видеосун эле кайра жөнөткөн болчумун”, — деген Төрөкулова.

Экспертиза «Төрөкулова бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырууга аракет кылган» деп тапкан. Мындан улам активистке Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси жана 278-беренеси менен иш козголгон.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген.

Өзү абактан жазган каттарында онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген. Ал 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген.

https://www.azattyk.org/a/sot-olzhobay-shakirge-ayybyn-uguzdu/32716818.html