Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Медиа коомчулук Болот Темировдун аракеттеринде кылмыштардын курамы болбогондугу үчүн ага коюлган бардык айыптар боюнча актоону талап кылат.

2022-жылдын 28-сентябрында иликтөөчү журналист, Temirov Live редакциясынын негиздөөчүсү Болот Темировго сот өкүмү чыгат деп күтүлүүдө. Мамлекеттик айыптоочу кесиптешибизди 5 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Мындан тышкары, прокурор Мээрим Алиева Темировду КР Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине ылайык өлкөдөн чыгаруу маселесин көтөрдү.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган шартта медиа коомчулук Болот Темировдун өмүрү үчүн терең тынчсыздануусун билдирет. Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу менен мамлекет анын коопсуздугун чоң тобокелдикке кептеп жатат.

КР Конституциясында “Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт” деп бекитилген. Баш мыйзамдын 56-беренесинде “Инсандын дене-боюна жана моралдык кол тийгистигине карата чектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катары мыйзамдын негизинде гана соттун өкүмү боюнча жол берилет” деп көрсөтүлгөн. 2022-жылдын 22-сентябрында Болот Темиров жана анын жактоочулары бардык коюлган айыптоолорду толугу менен четке кагып, жарыш сөздүн жүрүшүндө жазык ишинин материалдары менен күнөөнүн кудуретсиздигин жана далилденбегендигин көрсөтүп беришкен.

Эскерте кетсек, журналист КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”), 378-беренеси (“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү”), 379-беренеси (“Документтердин жасалмасын жасоо”) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда. Болот Темировго карата кылмыш иштери жогорку даражалуу кызмат адамынын атына байланышкан чуулгандуу иликтөөлөр жарыяланаар замат козголгон.

Медиа коомчулук башынан бери эле Болот Темировго карата жазык куугунтуктугун анын кесиптик ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштырып, КР Конституциясы жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен кепилденген сөз эркиндигине жана көз карандысыз басма сөз эркиндигине кол салуу катары баалап келет. Ушуга байланыштуу КР Президенти Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясында айткан сөздөрүн эске салбай коюуга болбойт. Жапаров Кыргызстан “БУУнун Уставынын духун жана ар бир тамгасын бекем жана ырааттуу карманып, өзүнө алган милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга аракет кылып жатканын” белгилеген.

Кыргыз Республикасы сынчыл маанайдагы материалдарды жарыялагандыгы үчүн журналист куугунтукталбайт деп кепилдик берет. Мамлекет журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга кепилдик берет, журналист кесиптик ишин жүзөгө ашырууда анын корголушун камсыз кылат. Жогоруда баяндалгандарга таянып, Кыргызстандын медиа коомчулугу Болот Темировдун аракеттеринде кылмыштардын курамы болбогондугу үчүн ага коюлган бардык айыптар боюнча актоону талап кылат.

“Медиа Полиси Институту” КФ

Журналисттик иликтөөлөр фонду

Аделя Лаишева

Эльмира Ногойбаева

Kaktus.media

Авланбек Джумабаев

GovoriTV

Дилбар Алимова

«ПолитКлиника»

«Апрель» редакциясы

Дмитрий Ложников

Next TV

Тамара Валиева

Али Токтакунов

ИА «24.kg»

Новые лица, Лейла Саралаева

Баштан Башта

Дом журналиста, Нургуль Шаршембиева

Независимый союз журналистов

ОФ «Контент-медиа» г.Джалал-Абад

Марат Токоев

Семетей Аманбеков, Bulak.kg