Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Бүгүн 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60
автор жана 30 иллюстратор КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты
министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Бул китептер АКШнын Эл
аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган "Окуу керемет!" долбоорунун
алкагында иштелип чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт
жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук жазуучулар союзунун
жетекчиси Нурланбек Калыбеков жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы
директору Кайя Адамс катышты.

Авторлор жана иллюстраторлор USAID уюштурган китептерди жазуу, кооздоо,
калыптоо, рецензиялоо жана иштеп бүтүрүү боюнча интенсивдүү окутуу
семинарларына катышышты. Окутуунун жүрүшүндө авторлор жергиликтүү жана
эл аралык эксперттердин колдоосу менен өз чыгармаларын өркүндөтүштү. Алар
электрондук китептерди жаратуу үчүн Bloom тиркемеси менен иштөөнү да
үйрөнүштү.

Мен чыгарманын түзүмүн сактоону, балдардын ой жүгүртүүсүнүн курактык
өзгөчөлүктөрүн эске алууну, жаш окурмандар текстти мыкты түшүнүүсү үчүн
лингвистикалык ченемдерди сактоону жана чыгарманын тарбиялык маанисине
көңүл бурууну үйрөндүм", — дейт Ольга Стародубова, долбоорго Ысык Көл
облусунун Түп районунан катышкан автор.

2020-жылдан бери авторлор жана иллюстраторлор ар кандай жанрдагы, анын
ичинде жомок, комикс, энциклопедия жана фэнтези китептердин 1,3 миңден ашуун
жаңы аталыштарын иштеп чыгышты. Бул китептер үй-бүлө жана достук, ар
түрдүүлүктү баалоо, сый-урмат, билимге умтулуу жана чыгармачылык сыяктуу
баалуулуктардын калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Биз Кыргыз Республикасында жаш балдар үчүн китеп иштеп чыгуу боюнча эң ири
демилгелердин бирин колдоп келгенибиз менен сыймыктанабыз. Бул демилге
таланттуу балдар жазуучуларынын жана иллюстраторлордун жаңы муунунун пайда болушуна өбөлгө түздү, — деп билдирди USAIDдин Кыргыз

Республикасындагы директору Кайя Адамс.
Авторлор тарабынан түзүлгөн китептер Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык электрондук Bloom Library
китепканасында жеткиликтүү.

“Азыркы ааламдашуунун алкагында биздин аркабыздан кандай муун өсүп жатат,
келечек муун кандай жолго баратат деген суроолорду эске алып, балдар
адабиятына, балдардын көркөм сүрөт өнөрүнө жана көркөм искусствого көңүл
бөлүп жаткандыгыңыздар бул өтө колдоого алаарлык көрүнүш деп ойлойм,” — деп
өз сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин
биринчи орун басары Кайрат Иманалиев белгиледи.
2024-жылга чейин USAID дагы 200 жаңы китеп аталышын иштеп чыгууну
пландаштырууда. Тандалган китептер 1 миллионго жакын нуска менен басылып
чыгып, жалпы республика боюнча мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга
тапшырылат.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч
класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча
жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1682
мектепте ишке ашырылып жатат.