Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Зарина Төрөкулова. 21-ноябрдагы сот отуруму

21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум болду. Анда жараяндын тартиби аныкталып, кийинки сот 29-ноябрда уланмай болду.

Төрөкулованын адвокаты Кантемир Турдалиев ал Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын айтты.

«Фейсбуктагы «Умай Аруу» деген фейк аккаунтагы эки маалыматты бөлүшкөнү үчүн айыпталып жатат. Ал аккаунттун ээси болсо өмүр бою эркинен ажыратылган, камакта отурган адам экен. Негизи посттун автору, ошол камакта жаткан адам жооп бериши керек болчу”, — деди Турдалиев.

Адвокат кийинки соттук отурумга үч эксперт жана күбө катары камакта жаткан жаран чакырыла турганын кошумчалады. 47 жаштагы Төрөкулова “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берген учурда бул иштерди “саясий буюртма” деп атады.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал «жапырт башаламандыкка» шек саналып камалганын 11-сентябрда билдирген. Ага социалдык тармактардагы «чагымчыл» билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен айып коюлганын кабарлаган.

Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Анын кайсы посттору “жапырт баш аламандыктарга үндөгөнү” жөнүндө маалымат жок.

Ал буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. (MKt)

https://www.azattyk.org/a/32693480.html?fbclid=IwAR2TEWBopMHFT_RCk5BLu-S_x6SfkUhU2jPjvOP4oJC73xmcgc8otybhEqY