Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

24.kg сайтынын иши бул “мыйзам” бийликтин кыймыл-аракетине көз салып, жарандарга өкмөт кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам берген маалыматтарды ачыкка чыгарган жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы административдик ресурстар колдонулганын айгинелеп турат. Бийлик журналисттерди өлкөдөгү окуяларды чагылдырганы үчүн айыптап, коррупция жана бийликтеги непотизм өңдүү коомдун чыныгы душмандарына караганда журналисттерди кооптуу деп эсептеген учурлар тарыхта абдан көп. Бийлик чындыктан канчалык алыстаган сайын, чындыкты ачык айткандарды ошончолук көбүрөөк жек көрө баштайт. Бул “мыйзам” фейктерге каршы эмес, бул – чындыкка каршы мыйзам.

 

Жалган, анык эмес маалыматтардан коргойт деп айтылган “мыйзам” өтө одоно мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын эсиңерге салгыбыз келет. Себеби, биринчиден, бул мыйзам Кыргызстандын Конституциясына жана биздин эл аралык милдеттенмелерибизге каршы келет, анткени ал мамлекеттик органга сотсуз жана тергөөсүз, аткаминерлердин каалоосу менен эле жарандардын укуктарын бузууга шарт түзөт (https://media.kg/wp-content/uploads/2021/06/analiz-k-proektu-zakona-kr-o-zashhite-ot-lozhnoj-i-nedostovernoj-informaczii-analiz.pdf ), демек, ал мыйзамдуу эмес. Экинчиден, мыйзамды жол-жоболорду бузуп, эки жолку аракеттен кийин маскаралык менен “кабыл алышкан”, бул көрүнүш да анын мыйзамсыздыгын тастыктап турат (http://www.media.kg/wp-content/uploads/2021/07/povtornoe-rassmotrenie-otklonennogo-zakonoproekta-o-zashhite-ot-lozhnoj-i-nedostovernoj-informaczii-o-manipulirovanii-informaczii-vozmozhno-ne-ranee-yanvarya-2022-goda.pdf ).

 

Мыйзам бузуулар менен кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген “мыйзам” көз карандысыз ЖМКларды бутага алып, дал ушул тапта легитимсиз иштеп жатат. Бул Кыргызстан үчүн цензуранын жаңы жүзү жана көз карандысыз жаңылыктарга мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу ниетинен кабар берет.

 

2022-жылдын 26-августунда Маданият министрлигинин чечими боюнча КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 24.kg маалымат агенттигинин сайтын эки айга бөгөттөдү. Чечим “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык кабыл алынган. Басылманын башкы директору Асель Оторбаеванын айтымында, “Амбассадор” мейманканасынын даттануусуна байланыштуу Маданият министрлигинин чечиминин негизинде провайдерлер сайтты бөгөттөшкөн. 24.kg сайты буга чейин мейманкананын аймагында болгон окуяга байланыштуу алардын версиясын жарыялаганына карабастан сайт бөгөттөлдү.