Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

1-апрелде парламенттеги жыйында депутат Махабат Мавлянова коронавирусту жуктурган адамдардын аты-жөнүн жана дарегин ачыктоо тууралуу сунушун айтты. Депутаттын пикиринде, бул маалыматтар вирусту жуктурган адамдар менен байланышта болгондорго коронавирусту жуктурганын же жуктурбаганын аныкташ үчүн анализ тапшыруу аракеттерин көрүүгө жардам бермекчи.[1]

«24.kg» МА депутаттын сунушуна элдин мамилесин аныктоо максатында окурмандарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. «Коронавирусту жуктуруп алган адамдардын аты-жөнүн жана дарегин ачыкташ керекпи?» деген суроого 51% “Ооба” деп жооп берген, 24% депутаттын сунушун колдоп, мындайда карантин максаттуу жана натыйжалуу болот деген оюн билдирген, 14% депутаттын сунушуна терс мамилесин билдирген, алардын пикиринде, бул демилге бейтаптардын коопсуздугуна коркунуч жаратат, ал эми 10%дын пикиринде, бул маалымат врачтык жашыруун сыр болуп эсептелет.[2]

КР Конституциясына ылайык, ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт (29-берене). Төмөндө бул маселе боюнча мыйзамда айтылган нерселердин айрымдары келтирилген.

“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамда “расалык же этностук теги, улуттук таандыгы, саясий, диний же философиялык көз караштары жана ден соолугуна, сексуалдык адатына ушул факторлорду ачыкка чыгаруу максатында гана тийиштүү жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынат”, – деп жазылган. Эгерде жеке маалымат менен иштөө[3] субъекттин, башка адамдын же тийиштүү адамдар тобунун ден соолугун жана коопсуздугун коргоо үчүн зарыл болсо жана жеке маалыматтардын субъектинин макулдугун алуу мүмкүн болбосо гана бул берене колдонулбайт.

“Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамда ар бир бейтап жүргүзүлгөн текшерилүүнүн натыйжалары, ооруга чалдыгуу, дарттын диагнозу жана алдын ала божомолдор, аны тобокелге салуу менен байланышкан дарылоонун усулу, медициналык кийгилишүүнүн мүмкүн болуучу варианттары, анын кесепеттери жана өзүнүн ден соолугу, жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө болгон маалыматтарды өзүнө түшүнүктүү болгондой формада алуу укугуна ээ деп жазылган (73-берене). Бейтаптын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат анын өзүнө берилет, ал эми 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган бейтаптарга – алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилет. Мыйзамда ден соолугу жөнүндө маалымат бейтапка анын эркине каршы берилиши мүмкүн эмес деп белгиленген. Оорунун күчөшүнүн терс божомолдору болгон учурда, эгерде бейтап аларга бул жөнүндө билдирүүгө тыюу салбаса жана (же) ушундай маалымат берилүүгө тийиш болгон адамды дайындабаса медициналык-этикалык ченемдерди сактоо менен маалымат бейтапка жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө билдирилүүгө тийиш (73-берене).

Жарандын медициналык жардам сурап кайрылганы, ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу жана ал жөнүндө маалымат, медициналык жактан кароодо жана дарылоодо алынган дагы башка маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт (91-берене). КР Конституциясы боюнча, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр Конституцияда көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек (20-берене).

Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө төмөндөгүдөй учурда уруксат кылынат [4]:

– ден соолугунун абалынан улам өз эркин билдирүүгө кудуретсиз жаранды текшерип кароо жана дарылоо максатында;

– жугуштуу оорулар таркалуу, массалык уулануу жана жабыркоо коркунучу туулса [5];

– тергөө жүргүзүүгө же сот териштирүүсүнө байланыштуу алгачкы иликтөө жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча;

– ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн 16 жашка чейинки жашы жете элекке жардам берилген учурда:

– жарандын ден соолугуна укукка жат иш-аракеттин натыйжасында зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо (91-берене).

Мындан тышкаркы учурларда окутуу, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жарыя кылууга жол берилбейт. Ушундан соң мыйзамдарда тийиштүү чараларды көрүш үчүн бейтаптар тууралуу маалыматтарды мамлекеттик органдарга берүүнүн бардык жагдайлары каралган десек болот.

Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, кесиптик же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу билип калган адамдын врачтык сырды ачыкка чыгаруусу 2 жыл 6 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 2 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратууга жана 60 000 сомдон 100 000 сомго чейин айып салууга жазаланат (Жазык Кодексинин 160-беренеси).

Казакстандын тажрыйбасы кызыгуунун жаратат. Алар Covid – 19 боюнча атайын картаны[6] иштеп чыгышкан. Картада вирус жуктургандардын жеке маалыматтары ачыкталбастан, алар катталган жерлер көрсөтүлгөн. Бул кызмат элдин сак болушуна жана гигиеналык чараларды, карантинди сактоону күчөтүүгө багытталган. Элди маалымдоонун мындай жолдору вирусту жуктуруп алгандарды кемсинтүү жана алардын коопсуздугуна коркунуч келтирүү тобокелдигин жаратпайт.

Аны менен катар, “Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамда журналист “адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, ар намысын жана аброюн урматташы” керек деп жазылган. Журналист кесиптик маалыматты жеке кызыкчылыгында колдонбошу керек жана да жеке тараптын жеке турмушу тууралуу маалыматты жарыялабашы керек (7-берене).

Адамдын уруксатысыз жана мыйзамда каралгандан тышкары учурларда адамдын жеке турмушунун кол тийбестигин бузуу – жарандык же жазык жоопкерчиликке алып келет.

Бирок, эгер адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтар жана ага тийштүү жеке маалыматтар мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүндө болсо, анда “Массалык маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга ылайык, редакция жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн.

Журналисттерге сунуштар:

  • Маалыматтын так, далилдүү жана объективдүү болушунун принциптерин сактагыла.
  • Бейтаптардын купуялуулук укугун урматтагыла жана сактагыла. Көр пенделик кызыгуу же сенсацияны жаратуугу умтулуу башка адамдын жеке турмушуна кийлигишүүнү актабайт.
  • Вирустун жайылышы, профилактикалык чаралар жана кризисти чечүү боюнча мамлекеттин аракеттери тууралуу так маалыматтар менен бөлүшкүлө.
  • Өз ишин мыкты билген жана учурдагы абал тууралуу жакшы маалымдуу болгон, силерге так, объективдүү маалыматтарды бере алган адистерге гана кайрылгыла.
  • Сүрөттөрду тандап жатып этият болгула, бейтаптар тууралуу стереотиптерди күчөтүүдөн алыс болуу керек.
  • Коомдук тармактарда вирусту жуктуруп алган адамдарды кемсинткен, аларды бөлгөн сөздөргө каршы тургула.

[1] https://kaktus.media/409745

[2] https://24.kg/obschestvo/148821/

[3] Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу – жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топторго бөлүү, жаап коюу, өчүрүү же бузуу максатында автоматташкан каражаттар менен же андай болбогондо жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) тапшырмасы-боюнча ыкмага карабай аткарылган операциялар топтому же ар кандай операция (КР “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзам, 3-берене)

[4] Мындай маалыматы дарылаган врач, же бул маалыматты билген медициналык мекеме гана бере алат.

[5] “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзам жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат тууралуу жобо боюнча, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтары калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо максатында иш алып барышат. Анын алкагында инфекциялык, паразитардык, инфекциялык эмес массалык ооруларга каттоо жүргүзүлүп, инфекциялык жана инфекциялык эмес массалык ооруларды болтурбоо, алардын жайылышына бөгөт коюу жана аларды жоюу боюнча ар түрдүү чаралар көрүлөт.

[6] https://egov.kz/cms/ru/articles/koronavirus

ИМП КФ

http://journalist.kg/kg/news/institut-media-polisi-mozhno-li-rasprostranyat-svedeniya-o-sostoyanii-zdorovya-paczientov-i-ih-personalnye-dannye-v-smi/ 

Поделиться:
Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial