Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Көз карандысыз жана эркин ЖМК менен журналисттер демократиянын өзөктүү тиреги болуп саналат. Куду журналисттер өлкөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө элге эӊ биринчи кабарлап, мансаптуулар менен мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракеттерин жана аракетсиздигин кылдат иликтешет, үнүн угузууга башка аргасы калбаган адамдардын адилеттикке болгон соӊку үмүтүн акташат. ЖМК жана журналисттер жарандарга өлкөдөгү маселелер жөнүндө, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кандай жооп кылып жатканы жөнүндө жарандарга маалымат берип туруу жагынан чечүүчү роль ойношот.

Бул максаттарды орундоо менен, журналисттер мамлекет менен бийликтеги кишилерге эмес, элге жана коомго кызмат кылат. Өз ишин аркалап жатканда, журналисттен көбүнчө терс маанидеги кеп-сөздөргө кабылып, кооптуу жагдайда тобокел кылып, окуялардын чордонунда жүрүшөт. Кысталыш кездерде өз үй-бүлөсүндөгү орчундуу мааракелерге да катыша албай, күнү-түнү тынбай иштеп, бийликтегилердин ЖМКны тумчуктуруу үчүн тынымсыз жасаган аракетинен чаалыгат.

Таажывирус илдети жайылган кезде журналисттер калкка анык маалыматты өз убагында жеткирип, олуттуу ролдордун бирин ойноду. ЖМК ошондо кошул-ташыл психологиялык түйшүк тартты, анткени оору жугузуп алуу жана жакындарына кабатырлануудан тышкары, алар маалыматты адептик ченемдерге сыйгыдай кылып элге туура жеткирип турушу керек болчу. COVID-19 пандемиясынан тышкары кыргызстандык ЖМК шайлоо алдында, убагында жана андан кийинки мезгилде тикелей жана психологиялык чабуулга кабылып турду. Бул окуялардын баары медиа кызматкерлердин моралдык жана жан дүйнө абалына таасир тийгизбей калган жок.

ЖМК өкүлдөрүнө психологиялык колдоо көрсөтүү максатында Медиа Полиси Институту “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү менен 17-марттан 20мартка чейин Чүй облусунун Кемин районундагы “Ашуу” конок үйүнө чакырып, атайын иш-чара өткөрөт. Ага Кыргыз Республикасынын баардык аймактарынан редакторлор жана журналисттер чакырылат да, жабыгууга туруштук берүү жөндөмүн бекемдөө, психологиялык жактан жеӊилдеп, эс алуу, кесиптик күйүгүүдөн сактануу жолдорун үйрөнүшөт. Иш-чараны Кыргызстандын алдыӊкы психологдору кыргыз жана орус тилдеринде өткөрөт. Аны уюштуруу чыгымын (“Ашууда” туруу, конуу/тамактануу, Бишкек – “Ашуу” – Бишкек жол киресин, Ош – Бишкек – Ош багыты боюнча учак белетин) толугу менен уюштуруучулар төлөп беришет. Бишкек шаарында туруу, Бишкекке чейинки жана кайткандагы авто унаада жүрүү акысын иш-чарага катышуучулар өздөрү төлөшөт.

Чакырма иш-чаранын катышуучулары конкурстук негизде тандалат. Ага катышуу үчүн 2021-жыл, 28-февраль, саат 18.00гө чейин бул дарекке [email protected] төмөнкү документтерди жиберүү зарыл:

  • Толтурулган анкета;
  • ЖМК кызматкерлери үчүн:

— Жумуш берүүчүдөн иш-чарага катышуу үчүн кызматкер 17-20-мартта эмгек милдеттеринен бошотуларын кабарлаган жолдомо кат.

Фрилансер журналисттер үчүн:

— 17-ден 20-мартка чейин иш-чарага катышарын тастыктаган кат, ага өзүнүн колу коюлат.

Анкетада көрсөтүлгөн тандап алуу критерийлерине туура келген жана тандап алынган конкурсанттар толук маалыматты камтыган чакыруу кат алышат. Кандайдыр бир суроолор пайда болсо, Медиа Полиси Институтуна ушул электрондук дарек [email protected] боюнча кайрылсаӊыз же бул номурга чалсаӊыз болот (Мадина): 0 312 961960.

Анкета формасын шилтемелерден жүктөп алууга болот:

Кыргыз тилиндеги анкета
Орус тилиндеги анкета