Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!
Нурбек Сыдыков.

Жогорку Кеңеште кайрадан иштеле баштаган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам жаңы Конституциянын цензураны чектеген 10-беренесине жана парламенттин процедурасына каршы келет. Мындай пикирин “Медиа полиси” уюмунун адиси, медиа эксперт Нурбек Сыдыков билдирди.

«Азаттык»: Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо боюнча комитети “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамды кайра иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түздү. Буга кандай көз карашта болуп жатасыз? Билесиз, Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзамга мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков вето койгон.

Нурбек Сыдыков: Жогорку Кеңештин регламентине ылайык президент вето койгон мыйзамды парламентте кайра кароо мөөнөтү өткөн. Анын үстүнө 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы Конституциянын 10-беренесинде цензурага жол берилбейт деп көрсөтүлгөн. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам буга карама-каршы болуп калат. Андан тышкары Конституциянын 63-беренесинде сөз эркиндигин, басма сөздү, маалымат каражаттарынын укуктарын чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп да жазылган. Ага да карама-каршы келип калат.

Ошол эле кезде азыр Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу Юстиция министрлиги тарабынан инвентаризациялоо иши жүрүп жатат. Каралып жаткан 356 мыйзамдын ичинде жаңы мыйзам долбоорлору да каралууда. Ошонун алкагында да бир топ маселелер чечилиши мүмкүн. Ошондуктан, бул мыйзам долбоору азырынча кароого жатпайт.

«Азаттык»: Эгер, депутаттык комиссия иштеп чыкса, аны процедура боюнча кайра парламентке сунуш кылышы керек болобу?

Нурбек Сыдыков: Ооба. Президенттин каршылыктарын кайра карап, өзгөртүп, башка мыйзам долбоорун сунуштап, кабыл алышы мүмкүн. Бирок жарандык коом, активисттер, кайдыгер эмес жарандар ошол маселени карап, өз сунуштарын берип турушу керек деп ойлойбуз.

«Азаттык»: Долбоордун авторлору буга чейин таратылган фейктер, жалган маалыматтар адамдын аброюна шек келтирип, адамдардын укуктарын чексиз бузуп жатат, буга каршы мыйзам керек деп негиздеп келишкен. Аргументтери канчалык негиздүү? Негизи эле адамдын ар-намысына шек келтирүүлөрдү тизгиндеген мыйзамдар жетиштүүбү? Жетишпеген үчүн ушундай кадамдар жасалып жаткан жокпу?

Нурбек Сыдыков: Мыйзамдар жетиштүү. Бул маселелер Жарандык кодексте, Конституцияда бар. Эгерде жалган же адамдын аброюна шек келтире турган маалыматтар таркатылса, ал адам сот аркылуу өз укугун коргой алат деп так жазылган. Анын өзүнүн соттук тажрыйбасы бар. Ага кошумча орган түзүп, акча каражаттарын каратып, анын бардыгына мониторинг кылып, ага арыз менен кайрылса, ал ошол эле сотко бара турган иш болот.

«Азаттык»: Андай болсо Жогорку Кеңеште эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынып жатат? Эмне максатты көздөп жатат?

Нурбек Сыдыков: Булар кандай максатты көздөп жатканын айтуу оор. Ошол эле мезгилде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса сөз эркиндигине толук доо кетет деген кооптонуу бизде бар. Себеби, адам маалыматты таркатып жатканда анын чын-жалганын билбейт. Маалыматтар кантип таркалып жатканын пандемия маалында биз көрдүк. Мисалы, бир эле Жаза аткаруу башкармалыгы түрмөдөгүлөрдүн арасында «коронавирус жок» десе, Саламаттык сактоо министринин орун басары ал жерде» оорулуу бар» деп айтып жатат. Мамлекеттик эки мекеме бири-бирине каршы маалыматты беришти. Биринчи берилген маалымат таркап кетти да. Ошондуктан, маалыматтын чын-жалганын таркатып жатканда тактоо практика жүзүндө оор жана мүмкүн эмес.