Если Вы журналист и сталкиваетесь с правонарушениями в отношении Вас со стороны властей и иных лиц, обращайтесь к нам! Мы Вам поможем!

Кыргызстандын медиа уюмдары президенттин м.а. Садыр Жапаровдун Маалымат жана басма сөз күнү айткан, журналисттерге карата терс мамилени, тайкы көз карашты калыптандыруу менен Кыргызстандагы эркин басма сөз үчүн коркунуч жаратышы ыктымал болгон жарыя сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдиришет.

COVID-19 жарандарга орчундуу маселелер жөнүндө кабарлап, аларды чечүү жагынан бийликтин эмне кылып жатканын айтып туруу жагынан ЖМК чечүүчү роль ойной турганын бизге далилдеди. Иштин оор, жабыктырган, чаалыктырган шартына, ооруп калуу коркунучуна карабастан, журналисттер калайыкка болуп жаткан маанилүү окуялар жана көрүнүштөр жөнүндө маалымат берүү менен өзүнүн милдетин аткарууну улантууда.

Журналисттер маалыматты бурмалайт деген доомат конкреттүү фактылар менен тастыкталган жок. Бирок социалдык желелердеги Садыр Жапаровду жактаган  тайпаларга көз чаптырсак, анын сөзүн тарапташтары “кайсы ЖМК Жапаровду же анын командасын сындаса, ага ишенбеш керек” деген ишарат катары кабыл алганын көрөбүз. Президенттин м.а. бул сөздөрү социалдык желелерде журналисттерге карата опузалоо менен куугунтуктоонун күчөшүнө алып келди. Октябрдагы каршылашууларды чагылдыруу убагында бир катар ЖМКлардын кесиптик милдетин аткарып жүргөн өкүлдөрүнө карата азыркы президенттин м.а. тарапкерлери ар кандайча кысым  көрсөткөнүн эске алганда, анын мындай билдирүүлөрү өтө кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп бааланышы керек.

ЖМК – бул демократиялык негизги институттардын бири, андыктан эл алдына чыккан жогорку даражалуу адамдын мындай билдирүүлөрү эркин басма сөзгө коркунуч жаратат жана коомдун демократиядагы ролун билүү жана түшүнүү укугун бузат. Мындай билдирүүлөр журналисттердин коомдогу маанилүү окуяларды чагылдыруу ишин кыйла оорлотуп, кесиптик ишмердигинин баркын кетирет.

Биз президенттин милдетин аткаруучуну эркин демократиялык коомдогу ЖМКлардын ролун ачык таанып, ырастоого жана журналисттерди каралоодон сактанууга чакырабыз. Маалыматтын бирдей жана эӊ адилет берилишин камсыздоо үчүн басма сөзгө пресс-конференцияларды тез-тез өткөрө баштоону жана саясий жан-жөкөрчүлдүктөн сактанууну сунуштайбыз.

Эл алдына чыккан адамдар жана саясатчылар кааласа да, каалабаса да журналисттердин жана кеӊири коомчулуктун көӊүл борборунда болушат, ошондуктан сынга башкалардан сабырдуу мамиле кылышы керектигин эске салалы. Башка жарандардан айырмаланып, президенттин м.а. бир катар артыкчылыктарга ээ, атап айтканда, мамлекеттик жана жеке менчик ЖМКларга чыгып, ар түрдүү маселелер боюнча өзүнүн көз карашын айта алат.

Дал ушул басма сөз эркиндиги саясий лидерлердин идеялары менен позициясы жөнүндө жарандардын жакшыраак билишине, аларга карата мамилесин аныкташына мүмкүндүк берерин эске салабыз. Коомдук маанидеги маселелердин эркин талкууланышы өлкө үчүн өтө зарыл, ошондуктан коомчулук журналисттердин коом үчүн мааниси зор маселелерди козгобой калбашы үчүн алардын укуктарын коргоо керектигин аӊдап билиши абзел.

Журналисттердин парызы – коомдук мааниси бар маселелердин баары боюнча маалыматты жана идеяларды билдирип туруу. Мындай маалыматты жана идеяларды элге жеткирип туруу – бул ЖМКнын милдети, экинчи жагынан, коом да аларды билип турууга укуктуу. Эгер мындай болбосо, ЖМКлар демократиялык коомду куруудагы өзүнүн түйүндүү ролун аткара алмак эмес.

«Медиа Полис Институту» КБ

Журналисттик иликтөө фонду

Кыргызстан Журналисттеринин көз карандысыз кошууну

Интерньюс-Нетуорктун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

Авланбек Жумабаев

Динара Сүймалиева

Диля Юсупова

Жолдош Турдубаев

«ПолитКлиника» сайты

Семетей Аманбеков, Elgezit.kg

«Контент-медиа» КФ, Жалал-Абад ш.

«Журналисттер» КБ

«Апрель» телеканалы

«Азаттык» радиосу

«ГовориТВ»

TMedia.kg

Vesti.kg

Лейла Саралаева

Елена Воронина

Жамаат ЖМК ассоциациясы

Нурлан Адаев

Kloop

Гульнура Торалиева